Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин долбоорун иштеп чыгуунун максаты климатка туруктуу социалдык-экономикалык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу; экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачуу/кеңейтүү; максаттуу коомчулуктарда аялдар, жаштар жана аялуу топтор үчүн жумуш орундарын түзүү.
Аткаруучу орган - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги.
Ишке ашыруучу агентствосу – АРИС КР
Жергиликтүү деңгээлде климаттын өзгөрүшүнө туруктуу социалдык-экономикалык инфраструктураны каржылоо үчүн субгранттарды берүүнү карайт. Социалдык мобилизациялоону жүргүзүүдө РИС-ыкманы колдонуу менен 40 айыл аймагынын бекитилген 40 айыл өкмөтүнүн ар бири үчүн 450 миң АКШ долларын социалдык объекттерди (мисалы, бала бакчалар, мектептер, ооруканалар, жылуулук жана электр менен камсыз кылууну жакшыртуу, суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын жакшыртуу ж.б.) ишке ашыруу жана коомчулуктун мүчөлөрүнүн жана ЖӨБОнун кызматкерлеринин потенциалын арттырууга колдоо көрсөтүү үчүн бөлүү пландаштырылууда.
Аялдар менен жаштарга өзгөчө көңүл буруу менен максаттуу коомчулуктун экономикалык жыргалчылыгын жана жашоо сапатын жакшыртуу үчүн жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү колдоону камсыз кылат. Жүргүзүлгөн социалдык мобилизациялоонун жана СЭӨП иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча конкурстук негизде 15-20 АА экономикалык чакан долбоорлорду ишке ашырууга 200 миңден 300 миңге чейин АКШ долларын алуу үчүн тандалып алынат.
Долбоорду башкарууну жана долбоордук иш-чараларды ишке ашырууну каржылоону камсыз кылат.
Кризис же өзгөчө кырдаалдын белгиленген критерийлерине ылайык келген, анын ичинде климаттын өзгөрүшү менен шартталган табигый кырсыктар болгон учурда, мындай өзгөчө кырдаалга чара көрүү жана кесепеттерин жоюуну колдоого долбоордун каражаттарын кайра бөлүштүрүү үчүн колдоо көрсөтүүнү камсыздоону карайт.
Ишке ашыруунун мөөнөтү: 25-апрель 2025-31-июль 2029-жыл.
Географиялык камтышы: Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарынын 40 айыл аймагы.
Каржылоо: Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 27 миллион АКШ долларын бөлгөн.
Шилтемелер аты | Действие |
---|---|
План взаимодействия с заинтересованными сторонами (ПВЗС) | Скачать |
Stakeholders Engagement Plan (SEP) | Скачать |
Процедуры Регулирования Трудовых Отношений (ПРТО) | Скачать |
РАМОЧНЫЙ ДОКУМЕНТ ПОЛИТИКИ ПЕРЕСЕЛЕНИЯ (РДПП) | Скачать |
Resettlement Policy Framework (RPF) | Скачать |
Labor Management Procedures (LMP) | Скачать |
ПЛАН СОЦИАЛЬНО‐ЭКОЛОГИЧЕСКИХ ОБЯЗАТЕЛЬСТВ (ПСЭО) | Скачать |
ENVIRONMENTAL AND SOCIAL COMMITMENT PLAN (ESCP) | Скачать |
Environmental and Social Management Framework (ESMF) | Скачать |
Рамочный Документ по Социально- Экологическому Управлению (РДСЭУ) | Скачать |