Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин долбоорун иштеп чыгуунун максаты — климатка туруктуу социалдык-экономикалык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана максаттуу коомчулуктарда аялдар, жаштар жана аялуу топтор үчүн жумуш орундарын түзүү.
Аткаруучу орган — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги.
Ишке ашыруучу агентство — АРИС.
1-компонент: Айылдык инфраструктурага инвестициялар жана институттарды чыңдоо
Жергиликтүү деңгээлде климаттын өзгөрүшүнө туруктуу социалдык-экономикалык инфраструктураны каржылоо үчүн субгранттарды берүүнү карайт. Социалдык мобилизациялоону жүргүзүүдө CDD-ыкманы колдонуу менен 21 жаңы айыл аймагынын ар бири үчүн 450 миң АКШ долларын социалдык объекттерди (мисалы, бала бакчалар, мектептер, ооруканалар, жылуулук жана электр менен камсыз кылууну жакшыртуу, суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын жакшыртуу ж.б.) ишке ашыруу жана коомчулуктун мүчөлөрүнүн жана ЖӨБнун кызматкерлеринин потенциалын арттырууга колдоо көрсөтүү пландаштырылууда.
2-компонент: Жергиликтүү экономикалык өнүгүү жана аялдар менен жаштар үчүн киреше табуу мүмкүнчүлүктөрү
Аялдар менен жаштарга өзгөчө көңүл буруу менен максаттуу коомчулуктун экономикалык жыргалчылыгын жана жашоо сапатын жакшыртуу үчүн жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү колдоону камсыз кылат. Жүргүзүлгөн социалдык мобилизациялоонун жана СЭӨП иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча конкурстук негизде 10 АА экономикалык чакан долбоорлорду ишке ашырууга 200 миңден 300 миңге чейин АКШ долларын алуу үчүн тандалып алынат. Ошондой эле Кошумча каржылоонун алкагында 210 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү бюджет менен жеке менчик бала бакчаларды колдоо программасы (ЖМБК) ишке ашырылат, ал бардык 21 жаңы айыл аймагын камтыйт.
3-компонент: Долбоорду башкаруу
Долбоорду башкарууну жана долбоордук иш-чараларды ишке ашырууну каржылоону камсыз кылат.
4-компонент: Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн шарттуу компоненти (ӨЧШК)
Кризис же өзгөчө кырдаалдын белгиленген критерийлерине ылайык келген, анын ичинде климаттын өзгөрүшү менен шартталган табигый кырсыктар болгон учурда, мындай өзгөчө кырдаалга чара көрүүнү жана кесепеттерин жоюуну колдоого долбоордун каражаттарын кайра бөлүштүрүүнү камсыздоону карайт.
Ишке ашыруунун мөөнөтү: 2027–2031-жылдар.
Географиялык камтышы: Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарындагы 21 жаңы айыл аймагы.
Каржылоо: Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 20 миллион АКШ долларын бөлгөн
Социалдык-экологиялык башкаруу (СЭБ) боюнча жаңыртылган документтерди коомдук талкуулоо
КДБУ ДФ алкагында социалдык-экологиялык башкаруу (СЭБ) боюнча жаңыртылган документтерди коомдук талкуулоо 4-сентябрдан 16-сентябрга чейин АРИСтин онлайн-платформасында өтүп жатат:
https://op1.aris.kg/projects/npis/post/387?lang=kg
Бул жерде сиз документтер менен таанышып, өз пикирлериңизди жана сунуштарыңызды калтыра аласыз.
Ошондой эле бардык суроолор боюнча МОС АРИСке кайрылсаңыз болот:
0770 700 522 (WhatsApp
| Шилтемелер аты | Действие |
|---|---|
| СОЦИАЛДЫК-ЭКОЛОГИЯЛЫК БАШКАРУУ БОЮНЧА АЛКАКТЫК ДОКУМЕНТ (РДСЭУ) | Скачать |
| КЫЗЫКДАР ТАРАПТАР МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ ПЛАНЫ (ПВЗС) | Скачать |
| ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИН ЖӨНГӨ САЛУУ ПРОЦЕДУРАЛАРЫ (ПРТО) | Скачать |
| СОЦИАЛДЫК-ЭКОЛОГИЯЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРДИН ПЛАНЫ (ПЭСО) | Скачать |
| КӨЧҮРҮҮ САЯСАТЫНЫН АЛКАКТЫК ДОКУМЕНТИ (РДПП) | Скачать |