09 July 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиевдин Кочкор районуна болгон иш-сапары

2025-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурбек Өмүрбекович Сыдыгалиев иш сапары менен Нарын облусунун Кочкор районуна барды.

Иш-сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) Аткаруучу директору Марс Дамирович Наспековдун коштоосунда, АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан Кочкор районунун Осоавиахим («Молдо-Кылыч») айылында ичүүчү суу системасын куруу, ошондой эле Б. Исакеев айылындагы С. Исмаилов атындагы орто мектебинин санитардык түйүндөрүн калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Курулуш иштери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашырылып, аймактын тургундарынын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган.

Жыйынтыгында айыл өкмөт башчылары жана подряддык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүп, анда курулуш иштерин бекитилген планга ылайык тез арада жана жогорку сапатта жүргүзүү боюнча талаптар айтылды.