25 Июнь 2025

ПУРСВС: Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Ош облусундагы объектилерди кыдырышты

Дүйнөлүк банктын миссиясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун (ПУРСВС) алкагында ишке ашырылып жаткан объектилер менен таанышуу максатында Ош облусунда иш сапарында болду.

 

Дүйнөлүк банктын делегациясынын курамына:

• Тогжан Алибекова, суу ресурстарын башкаруу боюнча талдоочу

• Лейла Талипова, суу менен камсыздоо жана санитария боюнча консультант

• Амос Абу мырза, жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча улук адис кирди.

 

АРИСтин атынан долбоордун координатору Эрлан Корчубай уулу, долбоордун адистери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

 

Сапар ишке ашырылган калктуу конуштар:

• «Кызыл-Жар» чакан долбоору;

• «Коо-Чаты» чакан долбоору;

• «Гүлбар» чакан долбоору;

• «Отуз-Адыр» чакан долбоору.

 

Жетишилген натыйжалар:

• Кызыл-Жар айылында 700дөн ашык тургун таза ичүүчү сууга туруктуу мүмкүнчүлүк алды;

• Коо-Чаты айылында 3000ден ашык адам суу менен камсыз болду.

Жергиликтүү мектептерде жана бала бакчаларда ички жуугучтар, 8 кабинадан турган сырткы кургак дааратканалар орнотулуп, Күйөташ атындагы мектепке чейинки балдар мекемесинде санитардык түйүндөр жабдылды, анын ичинде септик жана үй ичиндеги кол жуугучтар;

• ПУРСВС долбоорунун 2-компонентинин алкагында эки айылда санитария жана гигиена боюнча окутуу иш-чаралары өткөрүлдү;

• Суу менен камсыз кылуу муниципалдык ишканалардын (СМИ) кызматкерлеринин жана тартылган коомчулуктардын потенциалын жогорулатуу үчүн окутуу модулдары иштелип чыкты;

• Муниципалдык ишканаларды түзүүдө жана чыңдоодо колдоо көрсөтүлдү: 19 пункттан турган техникалык жабдуулардын топтому, ошондой эле окуу материалдарынын жана методикалык сунуштардын толук комплектиси берилди.

 

Ишке ашыруунун учурдагы жүрүшү:

Гүлбар жана Отуз-Адыр участкаларында курулуш жана туташтыруу иштери уланууда. Мектептерде, бала бакчаларда кол жуугучтарды орнотуу, септиктерди жана ички санитардык жайларды куруу пландалууда. Ошондой эле мектеп окуучулары жана жергиликтүү калк үчүн санитария жана гигиена маселелери боюнча тренингдер жана маалымат кампаниялары өткөрүлүүдө. Долбоор суу менен камсыз кылуу муниципалдык ишканаларын (СМИ) ар тараптуу колдоону карайт: кадрларды окутуу жүргүзүлөт, суу системасын башкаруу боюнча практикалык модулдар иштелип чыккан, жеринде натыйжалуу жана туруктуу ишти камсыз кылуу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыз кылынат.

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү аткарылган иштер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, долбоордун аркасында айыл тургундарынын жашоо-турмушу байкаларлык жакшырганын белгилешти. Таза ичүүчү суу, талаптагыдай санитардык шарттар жана долбоордун тутумдук колдоосу айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө жолдорду ачат.

 

ПУРСВС долбоору айыл жерлерин суу менен камсыз кылуунун жана канализациянын сапатын жакшыртууга, туруктуу өнүгүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.