26 Июнь 2025

CS-FOR: ЖЭТП секторунда табигый ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча диалог

2025-жылдын 26-июнунда Жалал-Абад шаарында «Аймактык экономиканы өнүктүрүүнүн кыймылдаткычы катары жыгач эмес токой продуктуларынын (ЖЭТП) потенциалы» темасында тегерек стол  өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана ФАОнун колдоосу менен, АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан CS-FOR («Көмүртектин секвестрациясы аркылуу токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар») долбоорунун алкагында уюштурулду.

Тегерек столдун негизги максаты – жыгач эмес токой продуктылары секторундагы көйгөйлөрдү, мүмкүнчүлүктөрдү жана туруктуу өнүгүү жолдорун талкуулоо. Ошондой эле кайра иштетүүчүлөрдү жана чогултуучуларды колдоо, жаңы рынокторго чыгуу жана туруктуу бизнес-моделдерди түзүү боюнча практикалык сунуштар иштелип чыкты.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жеке сектордун, билим берүү жана илим мекемелеринин өкүлдөрү, жарандык активисттер жана жергиликтүү даярдоочулар катышты.

Талкууланган негизги маселелер:

  • Кыргызстандын ЖЭТП продукцияларын эл аралык рыноктордо өнүктүрүү;
  • Сертификация, логистика, таңгактоо жана көлөм боюнча тоскоолдуктар;
  • Жергиликтүү продукцияны кайра иштетүү жана экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү;
  • Токой чарбаларынын жана кооперативдердин ролу;
  • Аялдар менен жаштарды тартуу жана ресурстарды туруктуу пайдалануу.

Катышуучулар панелдик жана топтук талкуулар аркылуу көйгөйлөрдү талдап, ишке жарамдуу сунуштарды иштеп чыгышты. ЖЭТП секторундагы чыныгы кырдаалды ачык талкуулоо жана практикалык тажрыйбаларды бөлүшүү катышуучулар тарабынан жогору бааланды.

Тегерек столдун катышуучулары мындай аянтчалардын маанилүүлүгүн белгилешип, ЖЭТП секторундагы көйгөйлөрдү чогуу чечүү жана кызматташтыкты бекемдөө үчүн бул форматтагы жолугушууларды улантуу зарылдыгын белгилешти.

Бул тегерек стол — жаратылыш байлыктарын туруктуу пайдалануу жана аймактык экономиканы өнүктүрүү максатында мамлекеттик, эл аралык жана жарандык секторлорду бириктирген маанилүү кадам болду.