"Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (ПСИ-3) (COVID-19жооп кайтаруу боюнча)" долбоорунун алкагында 283 райондун 109 айылында жергиликтүү коомчулуктар тарабынан онлайн форматта талкуулар башталды.
Талкуулоо онлайн-платформадагы кыштактардын баракчасында өтөт. Ар бир коомчулуктун мүчөсү, үйүндө отуруп, онлайн талкуу процессине катышып, айылга инвестиция тартууга салым кошо алат.
Бул максатта АРИС ДФ ПСИ-3 долбоору үчүн интеграцияланган санариптик чечимди - АРИСтин онлайн-платформасын иштеп чыкты. Ал долбоорду ишке ашыруунун ар кандай этаптарында коомчулуктарды тартуу боюнча үзгүлтүксүз жана өз ара байланышкан иш-чаралардын жыйындысына онлайн жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
Долбоор камтыган ар бир ААнын платформада өзүнчө санариптик мейкиндиги - Айылдык аймактын порталы болот, анда Долбоор коомчулукту мобилизациялоону, чечимдерди кабыл алууну жана долбоордук циклдин бардык этаптарында кайтарым байланышты, салттуу деңгээлде дагы долбоордук иш-чараларды айкалыштыруу жана колдоону камсыз кылат.
АРИС бирдиктүү айылдык Whatsapp топту түзөт. Whatsapp топ 18 жаштан жогорку бардык айылдын/ААнын тургундары үчүн ачык. Түзүлгөн топтор боюнча айыл тургундарына айылдын порталына түздөн-түз шилтеме жөнөтүлөт, ошондо алар онлайн-платформадагы айылдарынын баракчасына тез кире алышат.
Айылдык аймактын порталында бенефициарлар алдыга коюлган идеяларга макул же каршы добуш бере алышат, балл коюп, аудио жана видео форматта комментарий калтыра алышат, артыкчылыктуу чакан долбоор үчүн жашыруун же эл алдында добуш бере алышат.
Платформа автоматтык түрдө орус, кыргыз жана англис тилдерине которулат.