Баткен жана Талас облустарында айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкагында таанышуу визити уюштурулду
Баткен жана Талас облустарында айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун (ПУСВС БТ) алкагында, «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу» долбоорунун суу менен камсыз кылуу боюнча ишке ашырылган чакан долбоорлорунун суу менен камсыз кылуу системаларына жеке кошууларды ишке ашырууну уюштуруу жана социалдык мобилизацияны өткөрүү менен тааныштыруу максатында 2024-жылдын 20-22 августунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунуна, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров жана Биримдик айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, суу менен камсыздоо ишканаларынын кызматкерлери жана жергиликтүү коомчулуктардын өкүлдөрү үчүн таанышуу визити уюштурулду.
Таанышуу визитинин учурунда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров жана Биримдик айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, суу менен камсыздоо ишканаларынын кызматкерлери жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү социалдык мобилизация жана суу системасына жеке кошууларды уюштуруу, суу менен камсыздоо ишканаларынын ишин уюштуруу, алардын айлык акылары, тарифтердин бекитилиши жана өлчөмү, сууга болгон төлөмдөрдүн жыйналышы, документтердин жүргүзүлүшү жана башка суроолоруна толук жоопторду алышты.
Ошондой эле суу системасына жеке кошулуулардын уланышы боюнча жер-жерлеринде таанышышты.
“Миң уккандан көрө бир көргөн жакшы” дегендей таанышуу визитинин катышуучулары өз көздөрү менен ийгиликтүү иштеп жаткан суу менен камсыздоо ишканаларынын жүргүзүп жаткан иштерине ыраазычылык билдирип, жамаатына ийгиликтерди каалап, бул таанышуу визитинен өтө көп пайдалуу маалыматтарды алышып, алган тажрыйбаларын жер-жерлерде колдонуша турганын билдиришти.