01 September 2025

Нарын облусунда кезектеги тренингдер өткөрүлдү

Нарын облусунун айыл аймактарында ичүүчү суу системасын башкаруу боюнча кезектеги тренингдер өткөрүлдү. Тактап айтканда, Нарын районунун Учкун, Жерге-Тал, Куланак айылдарында «Жеке менчик үйлөрдү суу түтүктөр тармагына кошуу» темасында, ал эми Жумгал районунун Чаек айылында, Кочкор районунун Кара-Тоо, Кочкор, Молдо-Кылыч айылдарында жана Ак-Талаа районунун Баетов айылында «Муниципалдык ишкананын экономикалык туруктуулугу» жана «Бизнес-пландоо жана каржылык пландаштыруу» темаларында тренингдер өттү.

Тренингдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасынын” алкагында уюштурулду.

Иш-чаралар 2025-жылдын 18-30-август күндөрү өтүп, ага айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү, муниципалдык ишканалардын кызматкерлери, депутаттар жана суу комитеттеринин/демилгелүү топтордун мүчөлөрү, жалпысынан 255 (анын ичнде 175 аял) адам катышты.

Тренингдин алкагында катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча маалымат алып, квалификацияларын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты:

•             муниципалдык ишкананын ишмердигиндеги укуктук негиздер;

•             муниципалдык менчикти башкаруу;

•             экономикалык туруктуулукту камсыз кылуунун шарттары;

•             бюджетти түзүү жана жергиликтүү бюджет менен байланыш;

•             финансылык туруктуулук;

•             бизнес-пландын негизги этаптары жана түзүмү.

Мындан тышкары, сууну үйгө тартып келүү, суу түтүгүнө кошулууга уруксат берүү, суу өлчөгүч эсептегичтерди орнотуу, ичүүчү сууну берүү үчүн жабдыктарды жайгаштыруу жана суу менен камсыздоо тутумун монтаждоо темаларында презентациялар жана видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында практикалык сабактар өткөрүлүп, катышуучулар алган билимдерин бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.