ПРСВСНО алкагында Нарын облусуна иш сапар тууралуу маалымат
2025-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиевдин Нарын облусуна болгон иш-сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) Аткаруучу директору Марс Дамирович Наспековдун коштоосунда Нарын облусундагы АРИС тарабынан ишке ашырылуудагы бир катар курулуш объектилерге мониторинг жүргүзүлдү.
Иш сапардын алкагында Жумгал жана Кочкор райондорунун айылдарында калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан курулуш иштери текшерилип, жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өттү.
Белгилей кетсек, бул иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия банкынын каржылык колдоосу менен «Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү Программасынын» алкагында ишке ашырылууда. Анын негизги максаты - Нарын облусунун айыл тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана жакшыртылган санитардык шарттар менен камсыз кылуу болуп саналат. Бул максат инфраструктураны өнүктүрүү жана жергиликтүү деңгээлдеги потенциалды бекемдөө аркылуу ишке ашырылат.
Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы компанияларга ишти сапаттуу жана убактысында аяктоо талабы коюлду. Мындан тышкары, ар бир объект өзүнчө көзөмөлдөнүп жатканы белгиленди.