АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан Нарын облусундагы ичүүчү суу системасын куруу иштеринин жүрүшүнө мониторинг жүргүзүлдү
2025-жылдын 15–16-июлунда Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) Аткаруучу директору Марс Дамирович Наспеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Жанышбекович Сыдыков менен биргеликте Нарын облусундагы бир катар курулуш объектилерин кыдырып, иштин жүрүшү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында Нарын районунун Учкун айыл аймагынын Учкун жана Куланак айылдары, ошондой эле Ак-Талаа районунун Баетов жана Кайынды-Булак айылдарындагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан курулуш иштери текшерилди.
Белгилей кетсек, бул иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия банкынын каржылык колдоосу менен «Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү Программасынын» алкагында ишке ашырылууда. Анын негизги максаты - Нарын облусунун айыл тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана жакшыртылган санитардык шарттар менен камсыз кылуу болуп саналат. Бул максат инфраструктураны өнүктүрүү жана жергиликтүү деңгээлдеги потенциалды бекемдөө аркылуу ишке ашырылат.
Жыйынтыгында, жеринде иш алып барып жаткан подрядчы компаниялардын өкүлдөрүнө курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү талабы коюлуп, ар бир объект жеке көзөмөлдө экендиги белгиленди.