АРИС: CS-FOR долбоорунун кызыкдар тараптары менен диалог боюнча улуттук семинар
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу максаттуу райондордо "Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы" долбоорун ишке ашыруунун алкагында кызыкдар тараптар менен диалог боюнча улуттук семинар жөнүндө коомчулукка маалымдайт.
Иш-чара бүгүн, 2024-жылдын 14-майында болуп өттү жана токой жана жайыт чарба тармагындагы климаттык демилгелерди ишке ашыруунун стратегияларын жана келечегин талкуулоо үчүн алдыңкы эксперттерди, мамлекеттик органдардын, АРИСтин, ФАОнун, КР СРАЧжКИӨМ караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин өкүлдөрүн, РКФР жана КР ӨКМ караштуу Токой кызматынын адистерин чогултту.
Семинардын максаты - бардык кызыкдар тараптардын ортосунда ачык жана конструктивдүү талкууга көмөктөшүү, ошондой эле токойлорду жана жайыттарды туруктуу башкаруу аркылуу көмүртектин сиңүүсүн жогорулатууга багытталган долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу.
Семинардын негизги темалары төмөнкүлөрдү камтыды:
- Токойлордун жана жайыттардын учурдагы абалын баалоо жана максаттуу райондордогу жайыттарга жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары;
- CS-FOR долбоорунун алкагында АРИСтин иш-чараларын ишке ашыруунун этаптары;
- Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн ыкмалары;
- Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук боюнча пландар;
- Ландшафтты башкаруу боюнча коомдук топторду түзүү тартиби жана компетенциясы;
- Климаттык оптималдаштырылган кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү;
- АРИСтин иш-чаралары боюнча CS-FOR долбоорунун алкагында гранттык каражаттарды бөлүштүрүү.
Улуттук семинардын жыйынтыгы боюнча ЖКФ ФАО "Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы" долбоорун (CS-FOR) ишке ашырууда мындан ары колдонуу үчүн сунуштамалар иштелип чыкты.