07 Февраль 2025

Капсула салуу: ПРЭР-2 долбоору алкагында Баткендеги Жаштык жана Жеңиш парктарын реконструкциялоону баштоо

Бүгүн, 2024-жылдын 7-февралында Баткен шаарында Жаштык жана Жеңиш парктарын масштабдуу реконструкциялоонун башталышынын урматына салтанаттуу капсула салуу аземи болуп өттү. Бул олуттуу кадам аймактын инфраструктурасын трансформациялоонун маанилүү этабы болуп кала турган Баткен облусунда Аймактык экономикалык өнүктүрүү өнүктүрүү долбоорун (ПРЭР-2) ишке ашыруунун алкагында жасалды.

Салтанатка Баткен районунун акими У.И. Жоробаев, Баткен шаарынын мэри И.А. Бурканов, АРИСтин аткаруучу директору М.Д.Наспеков, ПРЭР-2 Долбоорунун координатору А.А. Кадыров, жана ошондой эле иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, подрядчылар жана долбоордун адистери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө атайын техникалар да тартууланды: АРИСтин аткаруучу директору М.Д.Наспеков тарабынан Баткен шаарынын мэри И.А. Буркановго таштанды ташуучу унаа жана 222 металл таштанды контейнерлери тапшырылды, бул шаарды тазалоо жана жашылдандыруу системасын бир топ жакшыртууга жардам берет.

Баткен шаарынын мэри И.А. Бурканов чогулгандарга кайрылып, АРИСке Баткенди өнүктүрүүгө кошкон эбегейсиз салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, сейил бактарды реконструкциялоо шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууда маанилүү кадам болуп, шаар тургундары жана коноктору үчүн Баткенди дагы да ыңгайлуу жана жагымдуу кылат.

Аткаруучу директор М.Д.Наспеков өз сөзүндө АРИС Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашырууну улантып жаткандыгын баса белгиледи. «Биз уникалдуу шарттары бар заманбап паркты түзүп жатабыз, анын ичинде Кыргызстандагы үчөөнүн бири – скейтпарк, амфитеатр жана башка көптөгөн эс алуу зоналары. Бул парктар шаарга жана анын тургундарына көп жылдар бою кызмат кылат», - деп белгиледи М.Д.Наспеков.

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган Баткен облусунда Аймактык экономикалык өнүктүрүү өнүктүрүү долбоору (ПРЭР-2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин аймактын инфраструктурасын жана социалдык өнүгүүсүн жакшыртуу программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул долбоордун ишке ашырылышы Баткен шаарынын өсүп-өнүгүшүнө жаңы дем берет.