Нарын облусунда ичүүчү суу менен камсыздоо системасын башкаруу тармагында тажрыйба алмашуу өткөрүлдү
2025-жылдын 16-апрелинен тартып 18-апрелине чейин Нарын облусунда ичүүчү суу менен камсыздоо системасын башкаруу тармагында тажрыйба алмашуу өткөрүлдү.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасынын” алкагында өткөрүлүп, ага айыл өкмөттөрдүн, муниципалдык ишканалардын кызматкерлери жана суу комитеттеринин, жана ошондой эле демилгелүү топтордун мүчөлөрү катышты.
Катышуучулар, Программанын алкагында Нарын районунун Жалгыз-Терек жана Жан-Булак айылдарында курулуп, ийгиликтүү ишке берилген ичүүчү суу менен камсыздоо системасын башкаруу тажрыйбасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Анда жергиликтүү муниципалдык ишканалар тарабынан башкы суу алуучу объектилер менен жеринде тааныштыруу жүргүзүлүп, суу менен камсыздоо системасынын курулуш-монтаждоо иштери, журналдарды жүргүзүү жана суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоо жана келечектеги пландары жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле, элдин салымы менен алынган суу эсептегичтер аркылуу үйлөрдүн суу менен камсыздоо системасына туташуу өзгөчөлүктөрү тааныштырылды.
Мындан тышкары, Жан-Булак айылынын Т.Жутакеев атындагы орто мектебинин санитардык-техникалык каражаттарынын курулуш-монтаждоо иштеринин жыйынтыгы катышуучуларга таныштырылды.
Ошону менен бирге, иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарына тарифтерди аныктоонун тартиби жөнүндө” токтомунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин Монополияга каршы кызматынын Нарын облустук башкармалыгынын өкүлдөрү менен тарифтерди аныктоо багытында пикир алмашуу ирээтинде жолугушуу өткөрүлдү.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылган “Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны өнүктүрүү программасы”, Нарын облусунун 43 айылдык жамааты үчүн коопсуз суу менен камсыздоо жана жакшыртылган санитарияга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен бирге аталган багытта иш алып барган тараптардын потенциалын жогорулатууну камтыйт.