10 Май 2024

Баткенде "Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана алдын-алууда аялдардын ролу" аттуу конференция өткөрүлдү

8-апрелде Баткен шаарында ДФ ППМС максаттуу коомчулуктардын алдыңкы акторлору: айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциацияларынын төрайымдары, коомчулуктардын репортерлору, климаттын өзгөрүшү боюнча элчилер, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, коомдук уюмдардын лидерлери, ишкерлер болгон аялдар, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, ӨКМдин Баткен облусу боюнча өкүлдөрү, долбоордун адистери, облустук координаторлор, коомчулуктардын технологияларын колдоо боюнча эксперттер - "Климаттын өзгөрүшүн адаптациялоо жана алдын-алууда аялдардын ролу" конференциясына катышты.

Бул долбоордук иш-чаранын негизги максаты - климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана аба ырайына байланыштуу күтүүсүз табигый кырсыктарга карата аялуу болуу маселелериндеги аялдардын ролунун маалымдуулугун жана маанилүүлүгүн жогорулатуу болду. 

ДФ ППМС адистери долбоорду ишке ашыруунун алкагында гендердик өнүктүрүү, климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялоодо аялдардын ролу, социалдык-экологиялык башкаруу, аялдардын укуктарын кеңейтүү жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентацияларды сунушташты.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар климаттын өзгөрүшү боюнча элчилердин ДФ ППМС максаттуу облустарынын Кадамжай, Ноокат жана Баткен райондорунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан алдыңкы тажрыйбалары жөнүндө кеңири маалымат алышты.

Ал эми ӨКМдин Баткен облусу боюнча өкүлдөрүнүн катышуусунда тайпалык панелдик дискуссияларда жаратылыш кырсыктары (жер көчкү, сел, жер титирөө) коркунучу болгон учурда практикалык иш-аракеттердин көндүмдөрүн жакшыртышты, өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турум жөнүндө театрлаштырылган миниатюраларды сунушташты.  Гендердик багыттагы конференциянын жүрүшүндө климаттык өзгөрүүлөр темасындагы сүрөттөрдүн конкурсу жыйынтыкталды.