Талас облусунда «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорду» долбоору алкагында тегерек стол өттү
Бүгүн, 18-сентябрда Талас облусунда «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорду» (НПИС) ишке ашыруунун алкагында тегерек стол болуп өттү. Жаңы башталган НПИС долбоордун максаты: климаттын өзгөрүшүнө туруктуу социалдык-экономикалык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана максаттуу коомчулуктарда аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат.
Эске салсак, «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор» Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жалпы координацияланат, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан ишке ашырылат.
Долбоорго бөлүнгөн жалпы сумма 27 млн. АКШ долларын түзөт (анын ичинен 25 млн. долл.- Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган; 2 млн. долл. – «Эрте билим берүү боюнча өнөктөштүк» (ELP) фондунун гранты)”.
НПИСтин координатору М.Э. Баялиев белгилегендей, “долбоор Кыргыз Республикасынын концептуалдык программаларына жана стратегиялык пландарына шайкеш келип, айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын негизинде жана коомчулуктардын демилгелери менен өнүктүрүу механизмдеринин негизинде ишке ашырылат”.
Долбоордо калктын, айрыкча аялдардын жана жаштардын демилгелерди пландаштырууга жана ишке ашырууга активдүү катышуусун камсыз кылуучу социалдык мобилизациялоого өзгөчө көңүл бурулат. «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор» Кыргызстандын 7 облусунун 40 районунан 40 айылдык аймак тандалып алынган, ага социалдык объекттерди — бала бакчаларды, мектептерди, медициналык мекемелерди, ошондой эле жылуулук, электр, суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын оңдоого байланышкан долбоорлорго грантттар берилет. Андан тышкары конкурстук негизде экономикалык чакан долбоорлор ОСОП концепциясынын механизмдерин колдонуу ишке ашырылат.
Гранттарды берүү максаттуу коомчулуктар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн региондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары (СЭӨП) үчүн актуалдуу инвестициялык чакан долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу колдоо болуп калат. НПИС ишке ашыруунун натыйжасында: жер-жерлерде социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги маселелерин чечүү; сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү (жеке бала бакчаларды ачууну кошкондо); аялдардын жанажаштардын ишкердүүлүгүн колдоо жана коомчулуктарда аялдардын лидерлик потенциалын өнүктүрүү күтүлүүдө.
Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Жамакеев Э.М.; район акимдери; айыл өкмөт башчылары; айылдык кенештин төрагалары; саламаттык сактоо, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, өзгөчө кырдаалдар, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрликтеринин өкүлдөрү; ошондой эле,Талас облусунун ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү; НПИСтин командасы катышууда.