11 Июль 2024

ПУРСВС: АРИСтин аткаруучу директору Ысык-Көл облусундагы суу менен камсыздоо системасынын ишине мониторинг жүргүздү

Бүгүн, 2024-жылдын 11-июлунда, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун Аткаруучу директору М.Д. Наспеков Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун (ПУРСВС) координатору Э.Корчубай уулу жана адистеринин коштоосунда, Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Григорьевка” кичи долбоорунда суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Григорьевка кичи долбоорундагы курулуш иштери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан ПУРСВС долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоордун иш-чараларына суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоо жана куруу, санитарияны өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү институционалдык жактан чыңдоо кирет.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө мектептин 3 кабатында курулуп жаткан санитардык түйүндөр менен таанышып, септик жана жуугучтар, ошондой эле скважиналар жана резервуарлар текшерилди.

М.Наспеков учурдагы курулуш-монтаждоо иштерине жооптуу подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Ал эми бардык иштер өз убагында бүткөрүлүп, жогорку сапатка жооп бериши керектигин белгиледи.

Ошондой эле, Долбоор тараптан айылдык муниципалдык суу чарба ишканасын түзүүгө жана потенциалын жогорулатууга колдоо көрсөтүлөөрү, ага ар тараптуу жардам берилери, анын ичинде жабдуулар менен камсыз кылуу жана уюштуруучулук жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүлөөрү белгиленди.

Процесс тууралуу кеңири маалымат алган соң, адистер аткарып жаткан иштерде өздөрүнүн жоопкерчилигинин деңгээлин так түшүнүшү керектиги М.Наспеков тарабынан белгиленди. Анткени таза сууга жана санитарияга жетүү жана тузсуз суу экосистемаларын туруктуу башкаруу адамдын ден соолугу үчүн эң чоң мааниге ээ. Ал ошондой эле бул долбоордун Ысык-Көл облусунун жашоочуларынын жашоо шартын жакшыртуу үчүн маанисин баса белгиледи.