ПРСВСНО: Таза суу багытындагы мекемелер кеңсе жабдуулары менен камсыздалды
Бүгүн, Нарын облусундагы айрым муниципалдык ишканаларга жана райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна кеңсе жабдуулары өткөрүлүп берилди.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу алкагында болуп өттү.
Программа, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылып, Нарын облусунун 43 айылындагы 100 000ден ашуун калкын жакшыртылган суу булактарына жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Ошону менен бирге, коопсуздук талаптарын сактоо менен уюштурулган суу менен камсыздоо кызматтарын колдонгон калктын үлүшү көбөйөт, бала бакчаларда, мектептерде жана саламаттыкты сактоо уюмдарында дааратканалар калыбына келтирилет, пилоттук түрдө айрым үй чарбалар саркынды сууларды тазалоочу локалдык курулмаларга кошулат.
Программанын алкагында курулуш иштери менен катар муниципалдык ишканалардын жана райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун техникалык жабдуусун жакшыртуу боюнча жумуштар пландаштырылган.
Нарын облусунда административдик-аймактык реформадан кийин 27 айыл аймагы түзүлүп, алардын ичинен 18 айыл аймагы Программанын алкагына камтылган. Суу менен камсыздоо системасы аяктаган 4 айыл аймагынын айыл өкмөт башчыларына 2024-жылы 4 комплект компьютердик жабдуулар берилип, азыркы тапта биллинг системасы менен иштөө үчүн колдонулуп жатат. Бүгүн калган 14 айыл аймактарына компьютердик жабдуулар тапшырылды.
Программанын алкагында, ичүүчү суунун сапатын нормативдик талаптарга ылайыктуулугуна көзөмөлдөө жүргүзгөн Нарын облусунун райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна колдоо көрсөтүү максатында 5 комплект компьютердик жабдуулар сатып алынып, тапшырылды. Белгилей кетсек, лабораторияларда компьютерлер негизги ролду ойнойт, анткени алар жумуш процесстерин автоматташтырууга, изилдөөлөрдүн тактыгын жогорулатууга, лабораториялык жабдууларды башкарууга, маалыматтарды чогултууга, талдоого жана сактоого колдонулат.