“Алайку Органикс” ЖЧКсы “Аймактык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүүдө
“Алайку Органикс” ЖЧКсы “Аймактык экономикалык өнүктүрүү” (мындан ары - ПРЭР) долбоорунун алкагында Ош облусунун сүт өнөр жайын өнүктүрүүгө олуттуу инвестицияларды тартууну жарыялайт. Сүт нарк чынжырынын лидери катары компания сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча бир нече заманбап цехтерге ээ жана бүткүл аймактагы фермерлер менен өнөктөштүк мамилелерди түзгөн.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Төрөбаев, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Х.Ридделл, АРИСтин аткаруучу директору М.Наспеков, ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Дүйнөлүк банктын, АРИСтин өкүлдөрү жана башкалар “Алайку Органикс” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ош шаарында жана Ош облусунда ишке ашырылып жаткан ПРЭР долбоорунун алкагында “Алайку Органикс” ЖЧКсы сүттү сактоо жана кайра иштетүү инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жалпы суммасы 34 986 000 сомдук жабдууларды сатып алууну пландаштырууда. Анын ичинде 20 тонналык сүттү эсепке алуу системасы менен кабыл алуучу цистерналар, ошондой эле 20 тонналык муздаткыч системасы, курут чыгаруучу линия, сүт азыктары үчүн витриналык муздаткычтары, сүт азыктарын куюучу линиялар жана коомдук сүт алуучу пункту.
Ошондой эле, ПРЭР долбоорунун алкагында “Сүт” Кошумча нарк чынжырчасынын (ЦДС) катышуучулары жалпы суммасы 31 545 000 сомдук жабдууларды жана асыл тукум малдарды сатып алышты. Анын ичинде төмөнкү породадагы 144 баш асыл тукум мал бар: голштин-фриз (8 баш), швицкая (100 баш) жана симментал (82 баш).
Мындан тышкары дагы бир асыл тукум сүт багытындагы малды: 46 баш швицкая породасын жана 14 баш симментал породасын сатып алуу пландалууда.
“Алайку Органикс” ЖЧКсы жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана керектөөчүлөрдү сапаттуу сүт азыктары менен камсыз кылуу жана Ош облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүү аркылуу айыл чарба өндүрүшүн туруктуу өнүктүрүүгө умтулат.
“Ош облусунда жана Ош шаарында аймактык экономикалык өнүктүрүү” долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу тарабынан ишке ашырылууда.