09 Октябрь 2025

НПИС ишке ашыруунун алкагында облустук тегерек столдор аяктады

Бүгүн, 9-октябрда, Манас шаарында «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор» (НПИС) ишке ашыруунун алкагында тегерек стол болуп өттү. Катышуучулардын арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Эрматов Н.М.; тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер; долбоорго кирген пилоттук айыл өкмөт башчылары жана айылдык кенештин төрагалары; ошондой эле бизнес сектордун өкүлдөрү болду.

Аталган долбоорду Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жалпы координацияланат. Долбоор үчүн бөлүнгөн жалпы сумма 27 млн. АКШ долларын түзөт.

НПИСтин максаты – климаттын өзгөрүшүнө туруктуу социалдык-экономикалык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана максаттуу коомчулуктарда аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Долбоор Кыргыз Республикасынын концептуалдык программаларына жана стратегиялык пландарына шайкеш келет жана айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын негизинде, ошондой эле коомчулуктардын демилгелери менен ишке ашырылат.

«Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор» Кыргызстандын 7 облусунун 40 районунан 40 айылдык аймакты камтыйт. Ага социалдык объекттерди оңдоого байланышкан долбоорлорго гранттар берилет. Гранттар максаттуу коомчулуктар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн региондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына (СЭӨП) актуалдуу инвестициялык чакан долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу колдоо болуп саналат.

Мындан тышкары, ушундай эле тегерек стол 8-октябрда Ош облусунда да өткөрүлдү. Анын ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ташбаев И.А. катышты.