Григорьевка айылында жаңы суу менен камсыз кылуу системасы: 6 миңден ашык жашоочу таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк менен камсыз болду
Григорьевка айылында жаңы суу менен камсыз кылуу системасы: 6 миңден ашык жашоочу таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк менен камсыз болду
2025-жылдын 4-июнунда Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун (ПУРСВС) алкагында ишке ашырылган жаңы суу менен камсыз кылуу системасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Долбоор инфраструктуралык жана техникалык чаралардын кеңири чөйрөсүн камтыды. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 1716 кожолукта жашаган 6012 тургун таза ичүүчү сууга туруктуу жеткиликтүүлүк менен камсыз болду.
Салтанаттуу иш чарага:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри - Бакыт Эргешевич Төрөбаев;
- Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү - Бакытбек Кеңешович Жетигенов;
- Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер айым;
- Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы директору Хью Ридделл мырза;
- Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин миссиясынын жетекчисинин орун басары Андрес Мюллер мырза;
- АРИСтин аткаруучу директору Марс Дамирович Наспеков;
- ошондой эле айыл тургундары жана башка ардактуу меймандар катышты.
Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев долбоордун айыл калкынын жашоо сапатын жогорулатуу жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Бул системанын ачылышы курулуштун бүтүшү эле эмес, 6000ден ашуун айыл тургундарынын жашоосундагы жаңы баракчанын башталышы болуп саналат, алар эми күн сайын сапаттуу ичүүчү сууну колдонушат», - деп белгиледи ал.
Ал эми ал өз сөзүндө долбоорду ишке ашырууда көрсөтүлгөн жемиштүү кызматташтык жана колдоо үчүн Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирди. Ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору айым Беатрис Мазер ачылыш аземине катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди:
«Бүгүн силер менен бирге болуп, Григорьевка айылындагы таза суу менен камсыздоо системасынын ачылышын белгилөө мен үчүн чоң сыймык».
Ал белгилегендей, «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында 71 айылда 164 миңден ашуун тургун таза суу инфратүзүмүнө жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Григорьевка айылындагы 6 миңге жакын адам да бул долбоордун оң таасирин сезишет.
Долбоонун ийгиликтүү ишке ашуусу АРИС командасынын, долбоордун өнөктөштөрүнүн, жергиликтүү жамааттардын активдүү катышуусу жана мамлекеттик органдардын колдоосу менен мүмкүн болду. Сөзүндө ал инвестициялардын туруктуулугу — үй-бүлөлөрдөн баштап муниципалдык суу чарба ишканаларына чейинки деңгээлде — өтө маанилүү экенин өзгөчө белгиледи. Аймактык инфраструктураны өнүктүрүүгө кошкон салымы жана аракеттери үчүн долбоордук топко ыраазычылык билдирилди.
Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы мырза Хью Ридделл өз кайрылуусунда, Григорьевка айылындагы долбоорду ишке ашыруу өлкөдө жүрүп жаткан кеңири масштабдагы өзгөрүүлөрдүн ачык мисалы экенин айтты. Ал Григорьевка суу жеткиликтүүлүгүнүн трансформациялык таасиринин жаркын үлгүсү болуп саналат деп белгилеп, жергиликтүү жамааттын, долбоордук команданын жана мамлекеттик колдоонун аркасында жетишилген аракеттерге ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, МАР каражаттарын натыйжалуу пайдалануу Григорьевка айылында ири демилгелерди өкмөттүн жетекчилиги алдында ийгиликтүү ишке ашыруунун үлгүсү катары көрсөттү.
ПУРСВС долбоорунун алкагында аткарылган иш-чаралар:
1-компонент: Суу менен камсыз кылуу инфраструктурасы:
200 метр тереңдиктеги эки жаңы скважина бургуланды, эки насостук агрегат орнотулду, эки трансформаторду орнотуу менен электр энергиясы менен камсыз болду, эки 1000 м³ резервуар оңдолуп, модернизацияланды, ичүүчү сууну дезинфекциялоочу хлорлоочу станция курулду, булактарды коргоонун санитардык зоналары тосмолор жана кароолкана менен камсыздалды, 40 км ашык суу түтүктөрү тартылып, 331 текшерүү кудугу жана 1128 суу эсептегичтер орнотулду.
2-компонент: Санитарияны өнүктүрүү:
А.С. Пушкин ат. мектеп толугу менен реконструкцияланды: ички жасалгалоо иштери бүткөрүлдү, кире бериштеги кол жуугучтар, суу жылыткычтар жана заманбап септик орнотулду.
Мектепте суу, санитария жана гигиена (WASH) методологиясы боюнча маалыматтык-билим берүүчү иш-чаралар өткөрүлдү, ага 1307 окуучу жана 76 мугалим катышты.
Санитардык абалды жакшыртуу үчүн төрт кожолук гранттык колдоо алды. Салтанаттын катышуучулары алардын айрымдарына барышып, долбоордун колдоосу менен тургундардын өздөрү жүргүзгөн иштердин жыйынтыгы менен таанышты.
3-компонент: Институционалдык чыңдоо:
Суу менен камсыз кылуунун муниципалдык ишканалары (СМИ) түзүлүп, аларга техникалык жана эксплуатациялык жабдуулардын 19 түрү өткөрүлүп берилди. СМИ кызматкерлери үчүн суу менен камсыз кылуу системаларын башкаруу, тейлөө жана туруктуу эксплуатациялоо боюнча окуу курстары өткөрүлдү.
Григорьевка айылында суу менен камсыз кылуу системасынын ачылышы элеттиктердин санитардык-гигиеналык абалын жана жашоо сапатын жакшыртууда маанилүү кадам болду. Долбоор улуттук стратегияларга жана эл аралык стандарттарга ылайык сууга жана санитарияга туруктуу жеткиликтүулүктү камсыз кылууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» (ПУРСВС) долбоору Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылууда.