13 Июль 2024

АРИСтин Аткаруучу директору Ысык-Көл облусунда ПУРСВС жана ДФ ПСИ-3 долбоорлорун ишке ашыруусуна мониторинг жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) аткаруучу директору М.Д. Наспеков, “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун (ПУРСВС) координатору Э.Корчубай уулу, Ысык-Көл облусу боюнча аймактык координатору М.Ж. Эшперов жана долбоордун адистери менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы объектилерде Долбоорунун 3 компонентинин («Суу менен камсыздоо инфраструктурасы», «Санитарияны өнүктүрүү», «Институционалдык бекемдөө») ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жумушчу сапарынын алкагында М.Наспеков, айыл аймактарын суу менен камсыздоо системасын жана санитарияны жакшыртууга багытталган иштер жүргүзүлүп жаткан “Кичи Өрүктү”, “Курмөнтү” жана “Жылуу-Булак” кичи долбоорлоруна барды.

АРИСтин Аткаруучу директору М.Д. Наспеков подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда жумуштарды өз убагында сапаттуу бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жергиликтүү калктын жашоо тиричилигин камсыздоодо туруктуу таза суу менен камсыздоо негизги ролду ойноорун белгиледи.

Ошондой эле, АРИСтин аткаруучу директору М.Наспеков, Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (СOVID-19 жооп кайтаруу боюнча) (ДФ ПСИ-3) долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) курулушунун учурдагы жүрүшү менен таанышты. ФАПтын курулушу айыл жергесинде медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана жергиликтүү тургундарды медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

“Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” жана “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо  (СOVID-19 жооп кайтаруу боюнча)” долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.