АРИСтин Аткаруучу директору Чүй облусундагы суу менен камсыз кылуу объектилерине мониторинг жүргүздү
Бүгүн, 2024-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун аткаруучу директору М.Д. Наспеков Орто-Арык жана Күрпүлдөк айылдарындагы Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү максатында Чүй облусунун Панфилов районуна барды.
Жумушчу сапардын жүрүшүндө долбоордун адистери аткаруучу директорго деталдуу маалымат беришти, тактап айтканда объекттерде аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып беришти.
Алсак, долбоорду ишке ашыруунун алкагында "Орто-Арык" жана "Күрпүлдөк" долбоорлорунун алдында долбоордук-сметалык документтер иштелип чыккан, алардын негизинде толук кандуу суу менен камсыз кылуу системасы үчүн бир катар маанилүү инфраструктуралык курулмаларды куруу жана реабилитациялоо боюнча техникалык чечимдер кабыл алынган. Азыркы учурда объекттерде курулуш-калыбына келтирүү иштери активдүү тартипте жүргүзүлүүдө.
Объекттердеги курулуш-монтаждоо иштерин 2024-жылы аяктоо пландаштырылууда, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча эки айылда 3 миңге жакын адам ичүүчү суу менен камсыз болот.
Процесс тууралуу маалымат менен таанышкан М.Наспеков адистер жүргүзүлүп жаткан иштерде өздөрүнүн жоопкерчилик деңгээлин так билиши керектигин белгиледи.
"Коопсуз сууга жетүү жана таза суунун экосистемасын туура пайдалануу адамдын ден соолугу үчүн өзгөчө мааниге ээ. Курулуш иштери белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүп, жогорку сапаттын деңгээлине шайкеш келиши абдан маанилүү", - деди М.Наспеков.
Ошондой эле, ПУРСВСтин адистери АРИСтин жетекчисине Долбоор айылдык муниципалдык суу чарба ишканасын түзүүгө жана потенциалын жогорулатууга колдоо көрсөтөөрүн, анын ичинде жабдуулар менен камсыз кылуу жана уюштуруучулук өнүктүрүүнү кошкондо ага ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүн айтышты.
Белгилей кетсек, долбоорлордун алдындагы курулуш иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган жана АРИС тарабынан КР Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылып Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоордун иши суу менен камсыз кылуу системаларын реабилитациялоо жана куруу, санитарияны өнүктүрүү жана институттук чыңдоо болуп саналат.
Кошумчалай кетсек, иш сапарынын алкагында АРИСтин Аткаруучу директору "Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууга мониторинг жүргүзүп, аткарылган иштердин өз убагында бүткөрүлүшүн жана жогорку сапатын камсыздоо боюнча милдеттүү талаптарды айткан.