11 Июль 2024

ДФ ППМС: Мады айыл аймагында кондитердик цехтин салтанаттуу ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу тарабынан ишке ашырылып жаткан Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо «CASA-1000» (Кошумча каржылоо) долбоорун (ДФ ППМС) алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылында кондитердик цех ачылды. Бизнес-план түзүлүп, жергиликтүү тургундардын колдоосу жана тандоосу менен бул кондитердик цех ийгиликтүү ишке ашырылды.

Ачылыш аземине Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл, АРИСтин Аткаруучу директору Марс Наспеков, Дүйнөлүк банктын табигый кырсыктардын тобокелдигин башкаруу боюнча улук адиси Толкун Жукушева, Дүйнөлүк банктын социалдык өнүктүрүү боюнча адиси Дамира Темирбаева жана ДФ ППМС долбоорунун координатору Майрамбек Баялиев жана башкалар катышты.

Жаңы кондитердик цехтин максаты жаңы жумуш орундарын түзүү гана эмес, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө дем берүү. Өндүрүштүк жайларды реконструкциялоонун жана заманбап жабдууларды жана инвентарларды алуунун аркасында цех жогорку сапаттагы кондитердик азыктарды, анын ичинде торт жана нан токочторун чыгарууга даяр.

Кондитердик азыктарды өндүрүү жергиликтүү таза жана даамдуу азыктарга болгон суроо-талапты гана канааттандырбастан, жергиликтүү дыйкандардын жана жеткирүүчүлөрдүн кирешесин да жогорулатат. Кошумчалай кетсек, кондитердик цех жергиликтүү коомчулук үчүн социалдык жана өндүрүштүк борборго айланат, коомдук түзүлүштү бекемдейт жана кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Бизнес-өнөктөш Талант кызы Айдай долбоордун ийгиликтүү ишке ашарына ишенимин билдирип, жабдуулардын кеңейип, жаңылануунун аркасында цехтеги жумушчу орундардын саны 13 адамга жеткенин белгиледи. Ал ошондой эле жаңы кондитердик цех аймактын өнүгүүсүнүн маанилүү фактору болуп, жергиликтүү тургундардын сапаттуу продукцияга жетүүсүн камсыздап, экономикалык өсүш жана социалдык активдүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.