30 Август 2025

Ноокен районундагы кулинардык цехтин ишмердүүлүгү калктын ден соолугун чыңдоого таасирин тийгизүүдө

 

 

30-августта Дүйнөлүк банктын социалдык өнүктүрүү боюнча адиси\НПИСтин жумушчу тобунун кош жетекчиси Дамира Темирбаева жана Дүйнөлүк банктын табигый кырсыктар тобокелчиликтерин башкаруу боюнча улук адиси Толкун Жукушева "Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорун кошумча каржылоо" долбоорунун алкагында 2024-жылы бүткөрүлгөн кулинардык цехке барышты. Бул экономикалык объект Жалал-Абад облусунун Масы айылында жайгашкан, ал Ноокен районунун борбору жана соода үчүн стратегиялык жактан маанилүү аймак болуп саналат. 

Витаминдер жана микроэлементтер менен байытылган ундан (темирди жана фолий кислотасын кошкондо) нан азыктарын өндүрүү өзгөчө аялдар жана балдар арасында аз кандуулуктун алдын алууга өбөлгө түздү. Долбоор айыл калкынын тамактануусун жакшыртууга жана ден соолугун чыңдоого; айыл калкы үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана киреше булактарын диверсификациялоого көмөк көрсөттү. Мындан тышкары, жергиликтүү чийки заттарды колдонуу менен өндүрүш фермерлердин катышуусун камсыздап, жумуштуулук жогорулап, аялуу топтордун кирешелери көбөйдү.

Чакан долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө энергонатыйжалуу жабдуулар киргизилген, өндүрүштү сабаттуу пландаштыруунун эсебинен тамак-аш калдыктары азайтылган. Туруктуу таңгактоочу материалдар жана ресурстарды керектөөгө рационалдуу ыкмалар да колдонулган. Бул өндүрүштүн экологиялык изин минималдаштырууга мүмкүндүк берди жана жергиликтүү деңгээлде туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түздү.