25 Апрель 2024

АРИС: Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылынын тургундары таза суу менен камсыз болушту

2024-жылдын 25-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосунда Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу ишке ашырып жаткан Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында суу менен камсыз кылуу системасынын ачылышы болуп өттү.

Расмий ачылыш аземине И.Т. Абдраев - райондук Агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, С.О. Абдыкадыров - Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү: Одете Муксимпуа - суу менен камсыздоо жана санитария боюнча улук адис, Дүйнөлүк банктын миссиянын адистеринин жумушчу тобунун жетекчиси, Тогжан Алибекова - суу ресурстарын башкаруу боюнча аналитик, Камилов Камол  - суу менен камсыз кылуу боюнча Дүйнөлүк банктын консультанты, ошондой эле М.Д. Наспеков - АРИСтин Аткаруучу директору, Э. Корчубай уулу – ПУРСВСтин координатору, долбоордун адистери, жергиликтүү тургундар ж. б. катышты. АРИСтин Аткаруучу директору М.Д. Наспеков катышуучуларды долбоордун аймактагы ишмердүүлүгү, тактап айтканда, курулган суу менен камсыз кылуу системасы тууралуу кеңири тааныштырды.  

"Курулуш-монтаждоо жумуштары 2022-жылдын аягында башталган. Жүргүзүлгөн жумуштардын алкагында тереңдиги 40 метр болгон скважина реабилитацияланды, узундугу 8 чакырымдан ашык суу түтүк тармагы  тартылды ж.б. Азыркы учурда Эркин-Тоо айылындагы бардык үй чарбалары сууну эсепке алуу приборун орнотуу менен жеке туташтыруулар аркылуу суу менен камсыз кылуу системасына кошулду. Айылдын бардык социалдык объектилеринде ичүүчү сууга үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүк камсыздалды", - деди М. Наспеков. 

Ачылыш аземинде ошондой эле "Санитарияны өнүктүрүү" компонентинин алкагында аткарылган иштер көрсөтүлдү. Алсак, катышуучуларга "Эркин-Тоо" ат. мектепке чейинки билим берүү мекемесинде курулган ички санитардык курулуштар, ошондой эле С. Турдуев ат. № 55 орто мектебиндеги реабилитацияланган тышкы санитардык курулмалар демонстрацияланды. 

Кошумчалай кетсек, курулган суу менен камсыз кылуу  системасынын туруктуулугун камсыздоо максатында суу боюнча муниципалдык ишкана түзүлгөн. Анын кызматкерлерине институционалдык өнүктүрүү боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатат. 
 
Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Эркин-Тоо айылынын 2470 тургуну үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз болушту.

Видео галерея