07 Октябрь 2025

27 миллион АКШ доллары айылдык аймактарды өнүктүрүүгө жумшалат

 

7- октябрда, Баткен облусунда «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорду» (НПИС) ишке ашыруунун алкагында тегерек стол болуп өттү. Аталган долбоорду Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жалпы координацияланат, бөлүнгөн жалпы сумма 27 млн. АКШ долларын түзөт (анын ичинен 25 млн. долл.- Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган; 2 млн. долл. – «Эрте билим берүү боюнча өнөктөштүк» (ELP) фондунун гранты)”.
Долбоор Кыргыз Республикасынын концептуалдык программаларына жана стратегиялык пландарына шайкеш келип, айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын негизинде жана коомчулуктардын демилгелери менен өнүктүрүу механизмдеринин негизинде ишке ашырылат.

НПИСтин максаты: климаттын өзгөрүшүнө туруктуу социалдык-экономикалык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана максаттуу коомчулуктарда аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат.

Долбоордо калктын, айрыкча аялдардын жана жаштардын демилгелерди пландаштырууга жана ишке ашырууга активдүү катышуусун камсыз кылуучу социалдык мобилизациялоого өзгөчө көңүл бурулат. «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор» Кыргызстандын 7 облусунун 40 районунан 40 айылдык аймак тандалып алынган, ага социалдык объекттерди — бала бакчаларды, мектептерди, медициналык мекемелерди, ошондой эле жылуулук, электр, суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын оңдоого байланышкан долбоорлорго гранттар берилет. Андан тышкары конкурстук негизде экономикалык чакан долбоорлор ОСОП концепциясынын механизмдерин колдонуу ишке ашырылат .

Гранттарды берүү максаттуу коомчулуктар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн региондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары (СЭӨП) үчүн актуалдуу инвестициялык чакан долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу колдоо болуп калат.

Ушундай эле тегерек столдор Ысык-Көл жана Нарын облустарында дагы өткөрүлдү. 2 октябрда тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатаров Н. Б. жана тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер катышты.

3 октябрда Каракол шаарында дагы тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн; НПИСтин координатору Баялиев М.Э.; Ак-Суу районунун акими Калдаралиев К. А.; Жеты-Өгүз районунун акими Бахавадинов Э. И.; Тон районунун акими Осмонов Б.А.; Ыссык-Көл районунун акими Ормонов Ж. Т.; Түп районунун акимдин орун басары Сарымсаков Р. Д. Жана долбоорго кирген пилоттук айыл өкмөт башчылары, айылдык кенештин төрагалары; бизнес сектордун өкүлдөрү активдүү катышты.