11 Апрель 2024

ПРСВСНО алкагында 2024-жылдын 11-апрелинде Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасынын ачылышы болуп өттү

Нарын облусунун Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагынын Жалгыз-Терек айылында суу менен камсыз кылуу системасынын  ачылышы Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана Кыргыз Ресупбликасынын Министрлер кабинети тарабынан каржыланган Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылуу  жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) аркасында болуп өттү.  Аталган айылда 180 кожолук бар, анда 1245 адам жашайт. Бүткөрүлгөн "Жалгыз-Терек" чакан долбоорунун жалпы суммасы 43 426 805 сомду түзүп, подрядчы катары "Жумгал Курулуш" ААК чыкты.

Иш-чаранын ачылыш аземине Азия өнүктүрүү банкынын шаардык өнүктүрүү боюнча башкы адиси (SG-WUD) – Хийонг Хонг (Heeyoung Hong) айым / миссиянын жетекчиси, АӨБ өкүлдөрү, А. Эргешов - КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Н. Мадимаров – Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким, М. Наспеков – АРИСтин аткаруучу директору, У. Байгончоков - ПРСВСНО координатору, программанын адистери, АРИСтин Нарын облусу боюнча аймактык адистери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) өкүлдөрү, айыл тургундары жана чакырылган коноктор катышты. 

Иш-чара суу алуучу жайдагы таанышуу экскурсиясы менен башталып, конокторго курулуш учурунда тургузулган суу мунарасы, бактерициддик орнотмосу бар зыянсыздандыруу үчүн имарат, дарбазанын имараты ж.б. тааныштырылды. АРИСтин Аткаруучу директору М. Наспеков айылда суу менен камсыз кылуу  системасын куруу боюнча аткарылган иштер тууралуу айтып берди. "Жалгыз-Терек айылындагы суу менен камсыз кылуу  системасы 1969-жылы курулган жана ишке киргизилген, 1985-жылы жана 1990-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчү менен системаны реабилитациялоо аракеттери болгон, бирок иш акыркы натыйжага жеткен эмес. Бул жерде суу менен камсыздоо булагы кудуктардан жер астындагы суулар болуп саналат, сууну зыянсыздандыруу жүргүзүлгөн эмес. Жалгыз булагы жергиликтүү калк сууну пайдаланган скважина болгон, ошол эле суу менен үй жаныбарлары да сугарылган. Айылда суу акыркы убакка чейин суткасына болгону 4 саатка берилип келген. Бөлүштүрүү системасы иштеген эмес, ошондуктан калктын айылдагы жалгыз булак болгон -  скважинага гана жеткиликтүүлүгү болгон. АРИСтин программасынын алкагында долбоордук-сметалык документтер (ДСД) иштелип чыккан, анын негизинде толук кандуу суу менен камсыз кылуу системасын куруу боюнча техникалык чечимдер кабыл алынган. Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө бардык 180 кожолук таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болду", – деп белгиледи М. Наспеков өз сөзүндө.

Калкты мобилизациялоонун натыйжасында айыл тургундары суу эсептегичтерди, полиэтилен түтүктөрүн сатып алуу жана үй чарбаларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу  системасына кошуу боюнча иштер үчүн 2 092 000 сом өлчөмүндө акча каражатын чогултушту. Бүгүнкү күндө айыл калкынын 100%ы   сутка бою таза суу менен камсыз болушат.

Расмий ачылыш аземинен кийин АӨБ өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана АРИСтин программасынын адистери суу менен камсыз кылуу системасы туташтырылган бир катар үй чарбаларына барышты. Системага жеткиликтүүлүк алган бенефициарлардын бири  ичүүчү суунун жоктугунан кандай кыйынчылыктарга туш болгонун айтып берди. Ал АӨБдүн жана КР Министрлер кабинетинин салымынын, ошондой эле АРИСтин адистеринин талыкпаган эмгегинин аркасында анын үйүндө азыр дайыма ичүүчү таза суу бар экенин белгиледи.

АӨБ миссиясынын жетекчиси Хийонг Хонг айым бардык катышуучуларга аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирди жана бенефициарлардын өздөрүнүн активдүү катышуусуз бул чакан долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Расмий ачылыш аяктагандан кийин, Р. Усубалиев ат. орто мектепте  иш чаранын бардык катышуучулары ПРСВСНОнун алкагында 4 айыл аймагына (Нарын районунун Жерге-Тал, Жан-Булак, Чет-Нура АА жана Ак-Талаа районунун Ала-Бука АА) кеңселик  компьютердик техниканы өткөрүп берүү аземине катышты.