Чүй облусунун Кемин районунун Тегирменти айылынын тургундары алгачкы медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту
Капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин заманбап энергоэффективдүү жана сейсмикалык туруктуулук стандарттарына жооп берген Фельдшердик-акушердик пункттун имаратынын расмий ачылыш аземи жергиликтүү калк үчүн маанилүү окуя болду.
Сапаттуу медициналык кызматка ээ болгон бенефициарлардын жалпы саны 1500 адамдан ашат.
Кошумчалай кетсек, ФАПтын ачылыш аземинин өзгөчөлүгү, алмашуу иш сапарларынын алкагында Нарын облусунан келген коноктордун катышуусунда болуп өттү.
Медициналык мекемени реконструкциялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан ишке ашырылып жаткан «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (СOVID-19 жооп кайтаруу боюнча) долбоорун» алкагында ишке ашырылды.