05 Июнь 2024

Аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын миссиясы аяктады

2024-жылдын 22-майынан 4-июнуна чейин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен АРИС ишке ашырып жаткан Ош облусунда жана Ош шаарында жана Баткен облусунда (ПРЭР-1 жана ПРЭР-2) Аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоорлорунун алкагында Дүйнөлүк банктын Миссиясы болуп өттү.

Долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү боюнча Миссиянын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Ош облусунда жайгашкан социалдык инфраструктуралык объектилердеги курулуш-монтаждоо иштерининин жүрүшү менен таанышты. Аткарылган иштердин жогорку сапатын камсыз кылуу максатында подряддык уюмдар жана консультанттар менен жолугушуулар да өткөрүлдү.

Чакан гранттар программасын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышуу максатында Дүйнөлүк банктын адистери Программанын грант алуучулары менен тиешелүү жолугушууларды өткөрүштү жана Долбоордун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат алышты.

Дүйнөлүк банктын Миссиясынын жыйынтыктоочу бөлүгү АРИСтин жетекчилигинин, Долбоордун адистеринин жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү, анын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү тарабынан Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө жогорку баа берилип, ошондой эле максималдуу эффективдүүлүк жана ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мындан аркы иш-чараларды белгиленди.

Шаарды өнүктүрүү боюнча улук адис/жумушчу топтун жетекчиси Тенгиз Гоготишвили белгилегендей, Регионалдык экономикалык өнүктүрүү долбоору аймактагы туруктуу өсүүгө жана прогресске багытталган негизги демилге болуп саналат. Ал белгилегендей, Долбоор социалдык өнүгүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган, андыктан жоопкерчиликтин деңгээлин жана маанилүүлүгүн түшүнүү зарыл.

Кырсыктардын тобокелдигин башкаруу боюнча улук адис/Жумушчу топтун жетекчиси Толкун Жукушева ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, жалпы максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн бул долбоордун маанилүүлүгүн жана потенциалын баса белгиледи.