04 Июнь 2024

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев АРИСтин суу менен камсыз кылуу секторундагы ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 3-июнунда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары -Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Төрөбаев Бакыт Эргешевич, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору Сокеев Алмазбек Темурбекович Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун жетекчилиги жана кызматкерлери менен суу менен камсыз кылуу  секторундагы АРИСтин ишмердүүлүгү боюнча таанышуу жумушчу жолугушуусун өткөрдү. 

АРИСтин Аткаруучу директору Наспеков Марс Дамирович жолугушууну ачып, Агентствонун суу менен камсыз кылуу секторундагы ишинин түзүмү менен тааныштырды, Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда ишке ашырылып жаткан долбоорлордо уникалдуу инновациялык технологияларды колдонуу жөнүндө, ошондой эле КР Министрлер Кабинетинин АРИСтин алдына койгон ичүүчү суунун сапатын камсыз кылуу жана үй чарбаларындагы санитардык шарттарды жакшыртуу боюнча негизги милдеттери жөнүндө айтып берди.

АРИСтин Аткаруучу директор М.Д. Наспеков  ошондой эле  долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө артыкчылыктуу багыттардын катарында суу менен камсыз кылуу  боюнча муниципалдык ишканаларды институттук өнүктүрүү болуп санала тургандыгын белгиледи. Үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылуу жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында муниципалдык ишканаларга тийиштүү техникалык колдоо көрсөтүлүүдө, атап айтканда СМИни компьютердик, техникалык жана курулуш жабдуулары менен камсыз кылууда.

Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын координатору Байгончоков Уланбек Конушбекович Нарын облусунун айылдарындагы локалдык-тазалоочу курулмаларды (ЛТК) пилоттоо боюнча техникалык чечимдер, ошондой эле ЛТК натыйжалуу иштешин жана жергиликтүү шарттарга ыңгайлашуусун камсыз кылуу үчүн аткарылышы зарыл болгон негизги милдеттер жөнүндө айтып берди.

Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун   координатору Корчубай уулу Эрлан ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрүн райондук деңгээлге өткөрүү боюнча жол картасын презентациялады, ошондой эле ишмердүүлүгү калкты жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү тейлөөнүн автоматташтырылган системасын караган инновациялык биллинг системасына негиздене турган райондук ишкананын түзүмү жөнүндө айтып берди.

Таанышуу жумушчу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Төрөбаев Бакыт Эргешевич долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон негизги максаттарды жана милдеттерди аныктады. Саркынды сууларды чогултуу, ташуу жана тазалоого багытталган коммуникациялык системаны куруу боюнча иштерди киргизүү зарылдыгы белгиленди. Эксплуатациялоо этабында процессти күчөтүү: ишканаларды райондук деңгээлде бириктирүү, техникалык-эксплуатациялык потенциалды күчөтүү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору Сокеев Алмазбек Темурбекович ошондой эле долбоорлоо деңгээлинде сапатты камсыздоо, ошондой эле түтүктөрдү лабораториялык изилдөөлөрдү күчөтүү жана санитардык-эпидемиологиялык станция менен биргеликте сууну дезинфекциялоо боюнча иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.