Жаңы-Жол айылында жаңы бала бакча ачылды: Кыргызстандын балдары үчүн мыкты келечекке карай кадам
Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо CASA-1000 долбоорунун алкагында курулган жаңы бала бакчанын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. 100 орундуу бала бакча инфраструктураны жакшыртууга жана өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган узакка созулган курулуш жана оңдоо иштеринин натыйжасы болду.
Белгилей кетсек, бул иш-чарага жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.
Ачылыш аземине: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева, ППМС CASA-1000 долбоорунун координатору Майрамбек Баялиев, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев курулуш иштерин бүтүрүү АРИСтин колдоосунун аркасында мүмкүн болгонун белгилеп, долбоорду ишке ашырууда алардын ролу чоң экенин баса белгиледи. Ал дагы өз сөзүндө: «Бул бала бакча жөн гана билим берүү мекемеси болбостон, өлкөнүн келечегинин пайдубалы түптөлгөн жайга айланат. Бул жерден өз эмгеги, чыгармачылыгы менен бүтүндөй Кыргызстанга пайда алып келе турган татыктуу атуулдар өсүп чыгат деп ишенем. Ушул дубалдардын ичинде өткөн ар бир күн жаркын келечекке кадам болсун” – деп айтты.
Жаңы-Жол айылындагы бала бакчанын курулушу 2017-жылы башталып, бирок негизги курулуш бөлүгү аяктагандан кийин иш токтоп калган. ППМС CASA-1000 долбоорунун алкагында ишти улантуу, анын ичинде аймакты оңдоо жана жашылдандыруу, ошондой эле балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү чечими кабыл алынган.
Жыйынтыгында иш бүткөрүлүп, аймакка оюн конструкциялары орнотулуп, бастырмалар курулуп, брусчатка төшөлүп, бетон иштери аткарылган. Ошондой эле заманбап ашкана жабдыктары, тиричилик техникасы жана эмеректер сатылып алынган, бул окуу процессине жана балдарды багуу үчүн жогорку талаптарды камсыз кылган.
Бул ачылыш аймактагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана балдарыбызды ар тараптуу өнүктүрүүгө керектүү нерселердин бардыгы менен камсыз кылууга болгон маанилүү кадам болду.