21 Сентябрь 2026

Кочкор районунун Туз айылында коомдук угуу өткөрүлдү

 

«Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы – Кошумча каржылоо» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 2026-жылдын 16-сентябрында Нарын облусунун Кочкор районунун Туз айылында жергиликтүү жамааттын катышуусу менен коомдук угуу өткөрүлдү.

Катышуучуларга Программа, ичүүчү суу менен камсыздоо системасын пландаштырылып жаткан курулушу, институционалдык өнүктүрүү, санитария жана гигиена жаатындагы иш-чаралар, ошондой эле кайтарым байланыш механизми жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле конкреттүү объект үчүн айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы жана Туз айылынын суу менен камсыздоо системасы боюнча долбоордук чечимдер сунушталды. Коомдук угуунун жыйынтыгында өткөрүлгөн добуш берүүнүн негизинде Чолпон айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тарабынан аталган долбоордук чечимдер бир добуштан жактырылды.