CS FOR долбоорунун алкагында Тогуз-Торо жана Ак-Талаа райондорунда тегерек столдор өткөрүлдү
Сентябрь айында Тогуз-Торо жана Ак-Талаа райондорунда CS FOR долбоорунун алкагында тегерек столдор болуп өттү.
Иш-чарага долбоордун эксперттери, айылдык кеңештердин төрагалары, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, муниципалдык ишканалардын, коомчулуктун, ФАО жана АРИСтин өкүлдөрү катышты.
Эки район боюнча жалпы 276 адам катышты. Алардын ичинен 115 аял, 70 жаштарды түздү.
Иш-чаралардын жүрүшүндө долбоордун максаттары, кошумча нарк чынжырчалары, бизнес-пландоо, жайыт жана токой ресурстарын туруктуу башкаруу пландары (ПУИП, ПКУПРУИК) тууралуу маалымат берилди.
Жыйындын соңунда бир катар айыл аймактарында үч тараптуу меморандумга кол коюлду.


