07 Июнь 2024

Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору (ППМС) жана ППМС үчүн кошумча каржылоо долбоору (ДФ ППМС) алкагында муниципалдык менчикте турган киреше алып келүүчү объекттерди башкаруунун жаңы ыкмалары ишке ашырылууда

6-июнь күнү Ош шаарында “Муниципалдык менчикти бизнес өнөктөштөргө берүү механизми” деген темада тренинг болуп өттү. Аймактык адистер, социалдык мобилизациялоо боюнча адистер, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан ЦДСтин адистери/тренерлери окуудан өтүштү.

Ошону менен бирге, АРИС, айыл өкмөтү, айылдык кеңеш, айылдык жамааттардын инвестициялык бирикмелери жана бизнес өнөктөштөрдүн ортосунда кичи долбоорду ишке ашыруу боюнча бизнес-келишимдин долбоору – муниципалдык менчикти андан ары башкаруу үчүн жеке ишкерлерге өткөрүп берүүнүн жаңы механизми катышуучуларга сунушталды. Экономикалык чакан долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн өз ара аракеттенүүнүн укуктук аспектилери талкууланды, анын ичинде:

·         Муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестрине (ЕРМИ) каттоо;

·         Муниципалдык менчикти бизнес-өнөктөштөргө өткөрүп берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси жана мазмуну;

·         Объектти тандалган бизнес-өнөктөштөргө өткөрүп берүүнүн жол-жоболору жана негизги кадамдары.

Алсак, АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан эки долбоордун алкагында айыл өкмөттөрү менен бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн аймактык деңгээлдеги өнөктөштүгүнө негизделген киреше алып келүүчү объектилерди институтташтыруунун жана башкаруунун жаңы ыкмалары киргизилүүдө.

Эскерте кетсек, ППМС жана ДФ ППМС долбоорлору тарабынан ишке ашырылган бардык чакан долбоорлор айыл өкмөттөрдүн балансына өткөрүлөт. Ал эми бүгүнкү тренинг, долбоордун рынок жана маркетинг боюнча эксперти/башкы экономисти Откулбек Шералиев белгилегендей, тараптардын макулдашууларына жана айыл өкмөт менен бизнес өнөктөштөрдүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык айыл өкмөтүнүн балансында турган экономикалык чакан долбоорлорду башкаруу боюнча келишимдерге кол коюу боюнча сапаттуу иштерди уюштурууга гана жардам бербестен, ошондой эле максаттуу жамааттар белгиленген пайданы алуу үчүн алардын туруктуулугун жана натыйжалуу иштешин камсыз кылууга шарт түзөт.