15 Август 2024

ДФ ПСИ-3 долбоорунун алкагында Ак-Терек айыл аймагына таштанды ташуучу унаа алынып берилди

2024-жылдын 14-августунда Ысык-Көл облусунун Кара-Коо айылында ДФ ПСИ-3 долбоорунун координатору М.Д.Досуевдин, Тоң районунун райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–аким Б.К. Астанакуловдун, Ак-Терек айыл аймагынын башчысы Ж.Ж.Зарнаевдин, аксакалдар кеңешинин төрагасы Э.С.Исаевдин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда катуу тиричилик таштандыларын чогултуу үчүн атайын техниканы тапшыруу аземи болуп өттү.

Эскерте кетсек, “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо  (СOVID-19 жооп кайтаруу боюнча) долбоору” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС тарабынан Ысык-Көл, Нарын, Чүй жана Талас облустарында ишке ашырылат.

Социалдык мобилизациянын жүрүшүндө жергиликтүү жамааттар экологиялык маселелерди чечүүнү Ысык-Көлдүн түштүк бөлүгү үчүн эң маанилүү приоритет катары эсептешкен. Андан соң 2024-жылдын 5 айынын ичинде «Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Терек АА үчүн атайын таштанды ташуучу унааларды жана таштанды челектерин сатып алуу» кичи долбоору ишке ашырылган. Чакан долбоордун жалпы баасы 6 404 000 сомду түздү. Айта кетсек, бул айыл аймакка 9 айыл кирет.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Ак-Терек айыл аймагынын башчысы Зарнаев Жыргал Жакшылыкович: “АРИСке колдоо көрсөткөнүңүз үчүн рахмат. ДФ ПСИ-3 долбоорунун алкагында социалдык мобилизацияны ийгиликтүү ишке ашыруунун аркасында биз айылдарыбыз үчүн өтө курч көйгөйдү чечтик”, деп белгиледи.

Чакан долбоорду ишке ашыруудан 8 501 түз бенефициар жана 15 000 кыйыр бенефициар пайда көрөт.

Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Астанкулов Байышбек Качроманович ДФ ПСИ-3 долбоорунун алкагында социалдык инфраструктураны жакшыртуу боюнча натыйжалуу ишмердүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле, калктын сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүгү кандай жакшырып жатканын эске алуу менен  – фельдшердик-акушердик пункттар курулуп, муну менен катар бала бакчалар, мектептер да оңдолуп жаткандыгын айтып, мунун баары Тоң районунун калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга жардам берет деген оюн билдирди.