Ош облусунда “Баглан” шире чыгаруучу кичи завод ачылды
Бүгүн, 17-апрелде Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Баглан айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н.Жантаевдин катышуусунда “Баглан” муниципалдык шире чыгаруучу кичи заводу” чарбалык объектинин салтанаттуу ачылышы болду.
Бул долбоорду мурда CASA-1000 коомчулукту колдоо долбоорунун алкагында каржыланган «Баглан» кооперативи ишке ашырууда. Чакан долбоордун жалпы суммасы 7 947 000 сомду түздү: анын 387 000 сому айыл өкмөтүнүн салымы, 7 560 000 сому CASA-1000 долбоорунун салымы (мөмө-жемиштерди кайра иштетүү жана шире өндүрүү үчүн жабдуулар сатылып алынды). Ошондой эле «Баглан» кооперативи өз каражатына заводдун имаратын куруп, суу үчүн бургулоо иштерин жүргүзүп, 7 000 000 сомдук суу тазалоочу жабдууларды орнотту.
Бул экономикалык долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 24 жумушчу орун түзүлдү: анын 50% аялдар жана жаштар. Мындан тышкары, мини-заводдун ишмердүүлүгү аймактык дүң продукциянын өсүшүнө өбөлгө түзөт.
«Баглан» климаттык туруктуу долбоор болуп саналат, анткени анда тиешелүү технологиялар – тамчылатып сугаруу, мөмө көчөттөрүнүн санын көбөйтүү менен топурактын эрозиясын азайтуу колдонулат.
Эскерте кетсек, CASA-1000 долбоору 2024-жылдын декабрь айында ийгиликтүү аяктаган, анын негизги максаты ЛЭП CASA-1000 линиясынын боюнда жайгашкан Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, аялдардын жана жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн коомчулуктарды социалдык-экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө тартуу болгон.