Нарын облусунда ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарынын абоненттери менен иштөөнү уюштуруу боюнча тренинг өттү
2026-жылдын 23-сентябрында Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында Мин-Куш айыл аймагынын Кызыл-Сөөк, Сары-Булуң, Котур-Суу, Кен-Суу жана Табылгы айылдарынын жергиликтүү жамааттары үчүн «Ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарынын абоненттери менен иштөөнү уюштуруу» темасында тренинг өттү.
Иш-чара «Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы – Кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында суу менен камсыздоо боюнча муниципалдык ишканалардын адистеринин жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн квалификациясын жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу максатында өткөрүлдү.
Тренингдин жыйынтыгында катышуучулардын кесиптик билимдери жана практикалык көндүмдөрү жогорулап, туруктуу ичүүчү суу менен камсыздоону камсыз кылуу максатында суу менен камсыздоо боюнча муниципалдык ишканалар менен жергиликтүү жамааттардын өз ара кызматташуусу бекемделди.


