Нарын облусунда жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү үчүн тренингдер өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны өнүктүрүү программасынын” алкагында 2025-жылдын 4-февралынан 27-февралына чейин Нарын облусунун Жумгал, Кочкор жана Ак-Талаа райондорунун айылдарында бир нече багытты камтыган тренингтер өткөрүлдү.
Аталган тренингтер Нарын облусу боюнча айыл өкмөттөрдүн, ичүүчү суу менен камсыз кылуу тармагындагы муниципалдык ишканалардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын кызматкерлери, пилоттук мектептердин мугалимдери, бала бакчалардын тарбиячылары, айылдык ден соолук жана суу комитеттеринин, жана ошондой эле демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн, бардыгы биригип 725 адамдын катышуусунда өтүп, төмөнкү багыттар камтылды:
- Инстиуционалдык өнүктүрүү багытында «Жеке менчик үйлөрдү суу түтүктөр тармагына кошуу» боюнча тренингтерде катышуучулар суу өлчөгүч эсептегичтер тууралуу жана аларды туура орнотуу жана ичүүчү сууну берүү үчүн жабдыктарды жайгаштыруу боюнча кенен маалымат алышты. Ошондой эле, суу менен камсыздоо жана сууну тартуу тутумун монтаждоо тууралуу, суу түтүгүнө кошулууга уруксат берүү жана башка багыттардагы темалар каралды.
- Санитария жана гигиена багытында, катышууулар билим берүү чөйрөсүндө жана күнүмдүк жашоодо гигиенанын жакшыртылган ыкмаларын жайылтуу, таза ичүүчү сууга жетүүнү жакшыртуу жана социалдык мекемелерде жана үй чарбаларында санитарияны жакшыртуу, паразиттик оорулардын алдын алуу жана башка темаларда потенциалын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылган “Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны өнүктүрүү программасы”, Нарын облусунун 43 айылдык жамааты үчүн коопсуз суу менен камсыздоо жана жакшыртылган санитарияга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен бирге аталган багытта кызыктар тараптардын потенциалын жогорулатууну камтыйт.