Нарын облусунда коомдук угуулар өткөрүлдү
“Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны өнүктүрүү программасын” (Программа) ишке ашыруунун алкагында суу түтүктөрүн куруу пландалып жаткан Нарын облусунун бир катар айылдарында коомдук угуулар өткөрүлдү.
2025-жылдын 11-февралынан 15-февралына чейин Нарын облусунун Ат-Башы районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимидин, мамлекеттик органдардын райондук бөлүм башчыларынын, айыл өкмөт башчыларынын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, ошондой эле Ат-Башы районунун Ат-Башы жана Ак-Жар айылдарынын, Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагына караштуу Кең-Суу, Котур-Суу, Табылгы, Сары-Булуң, Кызыл-Сөөк айылдарынын жергиликтүү тургундарынын катышуусунда коомдук угуулар болуп өттү.
Угуунун жүрүшүндө АРИСтин адистери ишке ашырылып жаткан Программа боюнча жалпы маалымат беришти, анда катышуучулар Программанын максаттары жана милдеттери менен таанышышты. Ошондой эле аталган айылдардагы суу түтүктөрүн куруу үчүн конкреттүү участоктор үчүн айлана чөйрөнү коргоону башкаруу планы сунушталды.
Мындан тышкары, коомдук угуунун катышуучуларына институционалдык өнүктүрүү, санитария жана гигиена, кайтарым байланыш механизмдери, экологиялык жана социалдык коргоо чаралары боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле долбоордук-сметалык документтер көрсөтүлүп, анда «Кыргызгипрострой» ААКсынын жана «Энкон» ЖЧКсынын өкүлдөрү катышуучуларга келечектеги суу менен камсыздоо системасынын схемаларынын башкы планын сунушташты, ал өз кезегинде талкуунун жыйынтыгында катышуучулар тарабынан бир добуштан жактырылды.
Аталган айылдардагы курулуш иштери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Азия өнүктүрүү банкынын финансылык колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан «Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны өнүктүрүү программасын» ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт.