13 Июнь 2025

Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор» ишке кирди

Экономика жана  коммерция  министринин (ЭКМ) биринчи орун басары Чоро Сейитов Дүйнөлүк банктын социалдык өнүктүрүү боюнча улук адиси Кристофер Финчтин, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) аткаруучу директору Марс Наспековдун, ошондой эле негизги мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын катышуусунда семинар өткөрдү.

Республикалык  семинар Кыргызстандын региондорунда  айыл аймактарын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган масштабдуу мамлекеттик программа - Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (КДУД) башталышына арналган.

Долбоордун жалпы бюджети 27 миллион АКШ долларын түзөт, анын ичинде:

  • 25 миллион доллар - Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан (ЭӨА) 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 50 жылдык мөөнөткө пайызсыз кредит;
  • 2 миллион доллар - Дүйнөлүк банктын жетекчилиги астында донорлор тарабынан каржыланган «Эрте билим берүү боюнча өнөктөштүк» (ELP) фондунун гранты.

Долбоор өлкөнүн жети облусунда климатка туруктуу айылдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө — айрыкча аялдар, жаштар жана калктын аялуу топтору үчүн багытталган.

Долбоорду жалпы координациялоону башка мамлекеттик органдар менен кызматташтыкта КР ЭКМ ишке ашырат. Долбоорду ишке ашыруу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу  тарабынан ишке ашырылат.

Долбоор Кыргызстандын 40 районун камтыйт. Ар бир райондон бирден айыл аймагы тандалып алынат, ага социалдык объекттерди — бала бакчаларды, мектептерди, медициналык мекемелерди, ошондой эле жылуулук, электр, суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын ишке ашыруу үчүн 450 миң АКШ долларына чейин берилет.

Тандоонун критерийлери:

  • жакырчылыктын жогорку  деңгээли (район боюнча максималдуу көрсөткүч);
  • калктын эң көп саны;
  • райондук борбордон алыстыгы;
  • республикалык бюджеттен алынган теңөөчү трансферттердин минималдуу көлөмү.

Долбоордо калктын, айрыкча аялдардын жана жаштардын демилгелерди пландаштырууга жана ишке ашырууга активдүү катышуусун камсыз кылуучу социалдык мобилизациялоого өзгөчө көңүл бурулат.

Региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына (СЭӨП) ылайык келген инвестициялык чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдоо гранттар түрүндө берилет.

СЭӨП тарабынан иштелип чыккан конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 15-20 айылдык аймак экономикалык чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 200дөн 300 миң АКШ доллары өлчөмүндө кошумча грант алышат.

КДУД ишке ашыруунун натыйжасында:

  • жер-жерлерде социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги маселелерин чечүү;
  • сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү (жеке бала бакчаларды ачууну кошкондо);
  • аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо жана коомчулуктарда аялдардын лидерлик потенциалын өнүктүрүү күтүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында АРИС менен «ОСОП+1» коомдук бирикмесинин ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Долбоор Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоорду координациялоочу орган болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Региондор аралык башкармалыгы, ал эми ишке ашыруучу агентство  - Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу саналат.