04 Ноябрь 2026

Кыргызстанда 70 калктуу конушта ичүүчү суу менен камсыздоо системалары ишке берилди, анын ичинен 54ү АРИСтин долбоорлорунун алкагында ишке ашырылды

 

2026-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын 70 калктуу конушунда ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын ишке берүү аземи болуп өттү. Ачылыш аземине онлайн форматта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.

Ишке берилген объекттердин катарында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан өлкөнүн бир катар аймактарын камтыган үч долбоордун алкагында куруу жана суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу иштери жүргүзүлгөн 54 калктуу конуш бар.

Долбоорлор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

АРИСтин үч долбоорунун алкагында иштер өлкөнүн төмөнкү аймактарын жана райондорун камтыды:

«Айыл жерлеринде суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу» долбоорунун (ПУРСВС) алкагында үч облустун 30 калктуу конушунда суу менен камсыздоо системалары ишке берилди:

  • Чүй облусу: Панфилов району — 1 айыл, Жайыл району — 4 айыл;
  • Ысык-Көл облусу: Түп району — 4 айыл, Ысык-Көл району — 1 айыл;
  • Ош облусу: Ош шаары — 1 калктуу конуш, Араван району — 6 айыл, Кара-Суу району — 13 айыл.

Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында Нарын облусунун төрт районундагы 11 калктуу конушта суу менен камсыздоо системалары ишке берилди:

  • Жумгал району — 5 айыл;
  • Кочкор району — 3 айыл;
  • Ак-Талаа району — 2 айыл;
  • Нарын району — 1 айыл.

Баткен жана Талас облустарында айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкагында эки облустун 13 калктуу конушунда суу менен камсыздоо системалары ишке берилди:

  • Баткен облусу: Баткен району — 5 айыл, Кадамжай району — 1 айыл, Лейлек району — 1 айыл;
  • Талас облусу: Талас району — 6 айыл.

Бул долбоорлорду ишке ашыруу калктын жашоо сапатын жакшыртууга, айылдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жарандардын негизги коммуналдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Суу менен камсыздоо системаларын куруу жана жакшыртуу калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоого, санитария жана гигиена кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле айыл жерлеринде жашаган тургундардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

АРИС Кыргыз Республикасынын аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.