10 Сентябрь 2024

Ош шаарында өрүктү сактоо жана кайра иштетүү боюнча логистикалык борбор иштей баштады

Бул чакан долбоор “ТУРАН” Муниципалдык аймактык башкармалыгында ППМС CASA-1000 долбоорунун алкагында ишке ашырылып, ачылыш аземи Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого жана Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун 100 жылдыгына арналды.

30-августтагы онлайн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров онлайн режиминде катышты. Ошондой эле иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри З.Б. Юсупов, «Алайку Органикс» ЖЧКсынын директору М.Э. Сабитов, ошондой эле Долбоордун өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Чакан долбоордун жалпы баасы 6 263 505 сомду түздү, аны ишке ашыруу «Алайку Органикс» ЖЧКсынын жаңы жана иштеп жаткан фермерлерине жана жеткирүүчүлөрүнө көбүрөөк продукция өндүрүүгө жана сатууга, ошондой эле компанияда туруктуу жана ишенимдүү сатуу өнөктөшүн алууга жардам берет. Өндүрүштү кеңейтүү жана керектүү жабдууларды сатып алуу менен жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү бюджетке салыктын түшүүсү көбөйөт. Муздак сактоочу жайларды кеңейтүү азык-түлүктүн жоготууларын азайтуучу, продукциянын сапатын сактоочу жана климаттык шарттарга карабастан фермерлердин базарларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүчү бекем айыл-азык-түлүк чынжырларын өнүктүрүү үчүн маанилүү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо «CASA-1000»  долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат жана АРИС тарабынан ишке ашырылат.