Чүй облусунда жаңы фельдшердик-акушердик пункт ачылды
19-21-июнь күндөрү ДФ ПСИ-3 долбоорунун алкагында Чүй облусунда тажрыйба алмашуу иш сапарлары өтүүдө. Лидер аялдардын жана жамааттардын активдүү мүчөлөрүнүн катышуусу менен социалдык инфраструктура объектилерин жана экономикалык чакан долбоорлорду ишке ашыруунун алдыңкы мисалдары каралууда.
Нарын облусунун делегациясынын курамына коомчулуктун өкүлдөрү, анын ичинде: айыл өкмөттөрүнүн, айылдык кеңештердин, айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциацияларынын өкүлдөрү, климаттын өзгөрүүсү боюнча өкүлдөр, коомчулуктун кабарчылары кирет.
19-июнда тажрыйба алмашуу иш сапарларынын катышуучулары Жаңы-Турмуш айылындагы ФАПтын ачылыш аземине катышып, анда АРИСке жана координатор М.Досуев жетектеген ДФ ПСИ-3 командасына ыраазычылык сөздөр айтылды. Андан кийин Чоң-Кемин айыл аймагынын Тегирменти айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун иши менен таанышуу жүрдү.
Жакынкы эки күндүн ичинде Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан төмөнкү чакан долбоорлор менен тааныштыруу болот:
- "Аарычылык материалдарын сатып алуу";
- Кызыл-Октябрь айылындагы киреше алып келүүчү "Балык чарбасы";
- Красная-Речка айылдагы "Ремонт ДС";
- Беш-Күңгөй айылындагы "Орто мектепти оңдоо";
- Мраморное айылындагы "Атайын техникаларды сатып алуу";
18-июндан 21-июнга чейин ушундай эле таанышуу Ысык-Көл облусунун делегаттары үчүн Талас облусуна болгон экинчи тажрыйба алмашуу иш сапарынын алкагында өтүүдө.