Бишкекте «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруунун механизмдери жана кадамдары» аттуу тренинг башталды
21–27-сентябрь күндөрү НПИС долбоорунун кызматкерлери үчүн потенциалды жогорулатууга багытталган окутуу өткөрүлүүдө. Окутуунун максаты — долбоорду ишке ашыруунун негизги инструменттерин өздөштүрүү, анын ыкмаларын түшүнүү, ошондой эле тараптардын ролдору менен милдеттерин так аныктоо.
23-сентябрда тренингдин катышуучулары менен видеоконференция аркылуу Дүйнөлүк банктын НПИС долбоорун колдоо боюнча миссиясынын жетекчиси Кристофер Финч сүйлөп, Кыргызстандагы долбоорду ишке ашыруунун стратегиялык багыты менен бөлүштү.
Тренингдин жүрүшүндө төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын (СЭӨП) иштеп чыгууда колдоо көрсөтүү;
- коомчулуктарды артыкчылыктуу чакан долбоорлорго климаттык демилгелерди киргизүүгө стимулдаштыруу;
- аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- санариптик платформаларды колдонуу;
- коомчулуктар тарабынан мониторинг жүргүзүү механизмдерин киргизүү.
Окутуунун жүрүшүндө белгиленгендей, санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча иш-чараларды интеграциялоо НПИС долбоорунун алкагында санариптик технологияларды натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт. Бул багытта өзгөчө аялдардын санариптик экономикага активдүү катышуусуна көңүл бурулат.
Мындан тышкары, долбоор айылдардын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган инвестициялардын алкагында энергия натыйжалуулугун жогорулатуу жана кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу аркылуу парник газдарынын чыгарын азайтууга көмөктөшөт.
НПИС адиси Нурила Абдыбекова белгилегендей:
«ОСОП («Бир айыл – бир продукт») концепциясы кошумча нарк чынжырларынын негизинде экологиялык жактан коопсуз өндүрүштү өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле ишкердик көндүмдөр боюнча окутуудан өтүп, ментордук колдоо алган аялдар өндүрүмдүү тармактарда жумуш мүмкүнчүлүктөрүнө жетишет».
Жалпысынан мындай экономикалык интеграция чаралары туруктуулукту жогорулатууга, каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана киреше булактарын диверсификациялоого өбөлгө түзөт, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу калктын көчүүсү сыяктуу маселелерди чечүүгө жардам берет.


