18 Апрель 2025

Баткен жана Талас облустарында ичүүчү суу менен камсыздоо кызматына тарифтерди аныктоонун тартиби талкууланды

“Баткен жана Талас облустарынын айылдарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Баткен жана Талас шаарларында ичүүчү суу менен камсыздоо кызматына тарифтерди аныктоонун тартибин талкуулоого багытталган тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столго айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары, шаардык суу менен камсыздоо ишканаларынын жетекчилери жана эсепчилери, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары, АРИСтин кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө калкты ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарына тарифтерди аныктоо, аларды негизсиз түзүүгө жана жогорулатууга жол бербөө, керектөөчүлөрдү ичүүчү сууну үнөмдүү пайдаланууга үндөө, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелери боюнча кеңири талкуу болду.

Ошону менен бирге, монополияга каршы кызматтын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 токтому менен белгиленген калктуу пункттарды ичүүчү суу менен камсыздоо секторунда тарифтерди түзүү боюнча кеңири маалымат беришти. АРИСтин институционалдык өнүктүрүү боюнча адиси Максатбек Жумашев өз кезегинде бул ченемдик укуктук акт ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарына тарифтерди белгилөө боюнча бирдиктүү методикалык колдонмо болуп санала тургандыгын жана тарифтерди негизсиз белгилөө жана жогорулатууну жокко чыгара тургандыгын белгиледи.

Жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары билимди практикада колдонуу боюнча зарыл болгон маалыматтарды жана тажрыйбаны алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн белгилешти. Бул, албетте, муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин потенциалын чыңдоо аркылуу Долбоордун натыйжалуулугун жогорулатууга салым кошот.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан “Баткен жана Талас облустарынын айылдарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун аркасында айыл жеринде жашаган 150 миңден ашык Кыргызстандын жарандары таза сууга жана санитарияга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жакшы мүмкүнчүлүк алышат.

Долбоорду каржылоонун жалпы суммасы 60 млн АКШ долларына барабар, анын 30 млн АКШ долларын Сауд өнүктүрүү фонду, 20 млн АКШ долларын Ислам өнүктүрүү банкы жана 10 млн АКШ долларын Кыргыз Республикасы бөлгөн.