11 Июнь 2026

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда коомдук угуулар өткөрүлдү

2026-жылдын 9-июнунда «Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы – Кошумча каржылоонун» алкагында ичүүчү суу менен камсыздоо системасын куруу пландалган Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек жана Үгүт айылдарында коомдук угуулар өткөрүлдү.
 
Коомдук угуулардын жүрүшүндө ишке ашырылып жаткан Программа тууралуу жалпы маалымат берилди. Катышуучулар институционалдык өнүктүрүү, санитария жана гигиена боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, ошондой эле кайтарым байланыш механизми тууралуу маалымат алышты. Мындан тышкары, ар бир объект үчүн даярдалган айлана-чөйрөнү башкаруу пландары (ПУОСКО) тааныштырылды. Долбоорлоочу уюмдун өкүлдөрү келечектеги суу менен камсыздоо системаларынын схемаларын жана долбоордук чечимдерди сунушташты.
 
Талкуулардын жыйынтыгында жогоруда аталган айылдар үчүн даярдалган ПУОСКО, суу менен камсыздоо системаларынын схемалары жана долбоордук чечимдер коомдук угуулардын катышуучулары тарабынан бир добуштан жактырылды.
Прямая линия Исполнительного директора: +996 500 222 600