Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы ПРЭР долбоорунун алкагында Өзгөн шаарынын инфраструктуралык объектилерин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты
Ош облусу, Өзгөн шаары – 2025-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Улугбек Ормонов жана Элмурза Сатыбалдиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевдин коштоосунда иш сапары менен Өзгөн шаарында болду.
Нурланбек Тургунбек уулу «Аймактарды экономикалык өнүктүрүү» долбоорун (ПРЭР) ишке ашыруунун алкагында учурда иштер жүрүп жаткан объектилерди көрүп чыкты. ПРЭР долбоорунун адистери иштин учурдагы абалы жөнүндө кеңири айтып, алдыдагы жакшыртуулар боюнча маалымат беришти.
Иш сапардын алкагында Өзгөн шаарындагы Орто-Коргон эс алуу багын жана стадионду реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Стадиондун футбол талаасынын жаңы дизайны ФИФАнын талаптарына жооп берет. Аталган жай 2600 кишиге ылайыкталган. Муну менен катар стадиондун жанындагы Орто-Коргон сейил багы да оңдолуп жатат. Бүгүнкү күндө пландалган иштердин 60%ы аткарылды.
Мындан тышкары, Орто-Коргон сейил багын жана Н.Азнабакиев атындагы Тынчтык маданият жана эс алуу багын бириктирүүчү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө курулууда. Бул көпүрө курулуп бүтсө, Өзгөн шаарын караган байкоочу палубага айланат.
Объекттерди реконструкциялоо жана куруу иштеринин жүрүшү менен таанышкан төрага: «Элибиз: «Дени сак улут – дени сак өлкө» дейт деп белгиледи. Калктын саламаттыгын чыңдоо жана жарандардын сергек жашоо образын жайылтуу максатында мамлекет тарабынан спорт тармагындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулуп, борбордо гана эмес, республиканын бардык аймактарында спорттук имараттар оңдолуп, курулуп, ар бир айылда спорт менен камсыз кылуу уланууда. Ал эми буга мисал катары Өзгөн шаарындагы борбордук стадионду реконструкциялоону айтсак болот», - деп баса белгиледи Төрага.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган жана Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу тарабынан ишке ашырылып жаткан ПРЭР долбоору жашоонун сапатын жакшыртууга жана социалдык-экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.