ПРЭР жана ПРЭР -2 долбоорлорунун алкагында Дүйнөлүк банктын орто мөөнөттүү миссиясы ишин баштады
Бүгүн, 2024-жылдын 11-сентябрында, "Ош облусунда жана Ош шаарында аймактык экономикалык өнүктүрүү" Долбоорун (ПРЭР), ошондой эле "Баткен облусунда аймактык экономикалык өнүктүрүү" Долбоорун (ПРЭР-2) ишке ашыруунун алкагында Дүйнөлүк банктын Миссиясы иштей баштады.
Миссиянын курамына Дүйнөлүк Банктын эксперттери, Кырсыктардын тобокелдигин башкаруу боюнча улук адис/Жумушчу топтун жетекчиси Т.Джукушева, Шаарды өнүктүрүү боюнча улук адис/Жумушчу топтун тең лидери Т.Гоготишвили, ошондой эле консультант З.Черчелаури жана башка адистер кирет.
Миссиянын биринчи жолугушуусу Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) жетекчилиги менен өттү. АРИСтен финансылык менеджери Б.Сталбек уулу, долбоордун координатору А.Кадыров, ПРЭР-2 долбоорунун координаторунун орун басары Г.Джумабекова, мониторинг жана баалоо боюнча адис М.Таиров катышты.
Миссиянын жүрүшүндө туруктуу экономикалык өсүштү стимулдаштырууга жана аймактык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы абалын жана мындан аркы кадамдарын талкуулоо пландаштырылууда. Бүткүл дүйнөлүк банктын Миссиясынын алкагында ПРЭР жана ПРЭР-2 долбоорлорунун топтору менен жолугушуулар өткөрүлөт, анын компоненттери жана ишке ашыруу аспектилери талкууланат. Мындан тышкары, Миссиянын алкагында Дүйнөлүк банктын адистеринин тобу Ош облусуна барат, алар Долбоордун кызматкерлери менен бирге бир катар жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүшөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ПРЭР жана ПРЭР-2 долбоорлору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат жана АРИС тарабынан ишке ашырылат.
Дүйнөлүк банктын миссиясы 2024-жылдын 17-сентябрына (акыркы датаны эске алуу менен) чейин созулат.