Кыргыз Республикасынан адистер Таиландда айылдык санитария боюнча окуудан өтүүдө
Азия технологиялар институтунда (Таиланд) “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында санитария кызматтарын көрсөтүү жаатындагы потенциалды жогорулатуу” боюнча программасы башталды.
Иш-чара Азия өнүктүрүү банкы тарабынан “Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын” ишке ашыруунун алкагында уюуштурулууда. 16-октябрга чейин улануучу беш күндүк окууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, тиешелүү министрликтеринин, АРИСтин, ошондой эле Нарын облусунун Чаек, Лама, Исакеев жана Жерге-Тал айылдарынын айыл өкмөттөрүнүн адистери катышууда. Аталган айылдарда Нарын программасынын алкагында локалдык тазалоочу курулмаларды куруу боюнча пилоттук иштер жүргүзүлүүдө.
Окуу программасы климаттык тобокелдиктерди жана Нарын облусунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен айылдык санитарияны өнүктүрүү жаатында катышуучулардын потенциалын жогорулатууга, ошондой эле айылдык калктуу конуштарда туруктуу санитария кызматтарын уюштуруунун заманбап ыкмаларын үйрөнүүгө багытталган.


