ФАОнун адистери CS-FOR долбоорунун жүрүшүн баалоодо
ФАОнун баалоо боюнча адиси Силвия Силвестри жана токойлорду башкаруу, ресурстарды пайдаланууну пландаштыруу жана институттук өнүктүрүү боюнча адиси Майлз Макдональд CS-FOR долбоорунун ишмердүүлүгүнө баа берүү миссиясын жүргүзүүдө.
12-октябрда адистер АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов жана долбоордун адистери менен жолугушуп, аткарылып жаткан иштер жана жетишилген натыйжалар менен таанышты.
Миссиянын алкагында долбоордун максаттуу райондоруна да баруу пландалган. Иш-чара 24-октябрга чейин уланат.


